АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылынын 13-майы №7/10
“Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын бюджеттик каражаттына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы токтом кылат:
- Айры-Там айыл аймагынын бюджеттик каражатынын 2024-жылдын башында турак жай коммуналдык чарба бөлүмүнө бекитилген утурумдук ремонт 2221 статьясынан 1950,1 (бир миллион тогуз жүз элүү миң бир жүз)сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 2221 статьясына кошулсун;
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |