КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-августу № 480
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара, бажы жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүн уюштуруу жана жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:"
3 | Бедел автожолу | Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну (Барскоон-Үчтурфан-Аксу а/ж 130 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
".
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |