Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын
2024-жылынын 28-майы №8/13
“Ажек жалпы билим берүүчү орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын Ажек айылынын Ажек орто мектебинде көп жыл эмгектенип, эмгеги сиңген, эмгектин ардагери маркум Кулуев Алимбектин элесин тубөлүккө калтыруу жөнүндө Ажек айылынын тургундарынын кайрылуусун жана айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун эске алуу менен айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1. Ажек айылынын тургундарынын сунушун колдоого алуу менен, Ажек айылынын мектебинде көп жыл эмгектенип, эмгеги синген инсан маркум Кулуев Алимбектин ысымы Ажек жалпы билим берүүчү орто мектебине ыйгарылсын;
2. Имараттардын аталыштары, өзгөртүлгөн аталыштарды жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ат ыйгаруу жаатындагы чечимдер, 1-Май айылдык Кеңешинин сессиясынын чечими менен, жобонун 8,9,10,11- беренелериндеги шарттардын негизинде аткарылсын;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы, 1-Май айылдык кенешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |