Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 640
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 363 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби тууралуу нускамада:
- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункттун үчүнчү абзацында "Социалдык фондго" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жаранды жекече эсепке алуу системасында каттоо Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган туруктуу жеке идентификациялык номердин негизинде жеке камсыздандыруу эсебин ачууну карайт.
5. Социалдык фонд ар бир камсыздандырылган адамга жеке идентификациялык номердин негизинде жеке камсыздандыруу эсебин ачат.
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күн сайын Социалдык фондго ыйгарылган жеке идентификациялык номерлер жөнүндө маалыматтарды жана камсыздандырылган адамдардын жеке маалыматтарынын (фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары, дареги) алмашкандыгы, анын ичинде өзгөрүлгөн жеке идентификациялык номерлер жөнүндө маалыматтарды берет.
6. Камсыздандырылган адам жумушка тариздөөдө иш берүүчүгө жеке идентификациялык номеринин бар экендигин ырастоочу документти берүүгө милдеттүү.
Жеке идентификациялык номери жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүүсү зарыл.";
- 7, 71, 811-пункттар, 3-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункттун биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Ар бир иш берүүчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан отчеттук мезгилден кийинки ар бир айдын 20сынан кечиктирбестен катталган жери боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген форма боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостун берет.
2019-жылдын 1-январына чейинки маалыматтар камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинде маалыматтар жок болгон же оңдоо зарыл болгон учурда ушул Нускаманын 9, 10-тиркемелерине ылайык Социалдык фондго жөнөтүлөт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостунун жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Социалдык фондго жөнөтүлгөн билдирүүнүн бир нускасы иш берүүчүдө калат жана сакталат.";
- 21, 22-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Камсыздандырылган адам иш берүүчүгө камсыздандыруу стажы, эмгек акысы жана эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар үчүн кайрылганда, иш берүүчү камсыздандырылган адамга 2018-жылдын 31-декабрына чейин Социалдык фонддун региондук органына жана 2019-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
22. Иш берүүчү анын жоюлгандыгын (банкроттугун) ырастоочу документтер менен бирге Социалдык фондго белгиленген форма боюнча (10-тиркеме) анда иштеген бардык камсыздандырылган адамдарга билдирүү берет.";
- 24-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адам камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары катталган жери боюнча Социалдык фондго жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө маалымат берет.";
- 25, 26-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Жеке ишкерлердин жана жеке жактардын жеке камсыздандыруу эсептерине камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды киргизүү сатып алынган камсыздандыруу полистеринин негизинде жүргүзүлөт.
26. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандырылган адам каза болгондугу катталган күндөн тартып бир айдын ичинде маалыматтарды Социалдык фондго өткөрүп берет.
Камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарын төлөөгө укук берген учурлар келип чыкканда, Социалдык фонддун региондук органдары жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө камтылган маалыматтарды пенсиялык топтоолорду дайындоо жана төлөө боюнча кызматтарга өткөрүп берет.
Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Социалдык фонддун региондук органдарына жумушсуздардын камсыздандыруу стажына киргизилүүчү мезгилдер жөнүндө маалыматтарды берет.";
- 28, 29-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Эмгек акы төлөө фонду, эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттук мезгил үчүн билдирүү төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөмдөрдүн түшүүсүнө шайкештигине карата салыштырылат.
1996-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн билдирүү кабыл алынган дата болуп Социалдык фондду региондук органынын отчет кабыл алуу боюнча адиси кагаз жүзүндөгү кабыл алынган билдирүүнү мөөр менен күбөлөндүргөн жана кабыл алгандыгы жөнүндө белги коюлган күн эсептелет (кабыл алган адистин аты-жөнү жана кабыл алынган дата көрсөтүлөт).
2019-жылдын 1-январынан тартып билдирүү кабыл алынган дата болуп камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук органынын отчет кабыл алуу боюнча адиси кагаз жүзүндөгү жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө кабыл алынган билдирүүнү мөөр менен күбөлөндүрөт жана кабыл алынгандыгы жөнүндө белги койгон күн эсептелет (кабыл алган адистин аты-жөнү жана кабыл алынган дата көрсөтүлөт).
29. 1996-2018-жылдардын мезгилиндеги билдирүүлөрдү иштеп чыккан жана электрондук маалымат базасына киргизген Социалдык фонддун региондук органынын жекече эсепке алуу бөлүмүнүн адиси билдирүүнүн туура түзүлгөнүн, бардык зарыл болгон реквизиттердин бар экендигин текшерет жана билдирүүдө берилген маалыматтардын аныктыгын контролдойт.";
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын региондук органы иш берүүчүлөргө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөтөт камсыздандырылган адамдарга пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 1996-жылдын 1-январынан тартып билдирүүлөрдүн бар экендигин текшерет.";
- 37-пунктта "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 40-пунктта "2013-жылдын 22-майындагы № 278" деген сөздөр "2020-жылдын 17-июлундагы № 385" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 42-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- Нускаманын 1, 2, 4, 7, 8-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 97 (3546) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |