Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 633-т тескемесине) |
2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун негизи катары агроөнөр жай комплексин узак мөөнөттүү өнүктүрүү аныкталган.
Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө айыл чарба багытындагы өздөштүрүлбөгөн жана асылдуулугу төмөн жерлерди жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү, аталган жерлерде агротокойчулукту, багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылган.
Айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү максатында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынган.
Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылар асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүнүн жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнүн тартибин жөнгө салат. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү боюнча багыттардын бири болуп аларды Кыргыз Республикасында багбанчылык тармагын жана жүзүмчүлүктү андан ары өнүктүрүү үчүн пайдалануу саналат.
Багбанчылык - мөмө-жемиштерди, мөмөлөрдү жана жаңгактарды алуу үчүн көп жылдык мөмө же жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү (жемиш өстүрүү) жана декоративдик өсүмдүктөрдү өстүрүү (декоративдүү багбанчылык) менен алектенген өсүмдүк өстүрүү тармагы болуп саналат.
Жүзүмчүлүк - калкты жаңы терилген жүзүм жана мейиз, ал эми шарап өндүрүү жана консерва өнөр жайын чийки зат менен камсыз кылуу үчүн ашкана жана техникалык жүзүмдүн жогорку түшүмүн өстүрүүгө багытталган өсүмдүк өстүрүү тармагы.
Бул тармактын өндүрүүчүлөрү үчүн көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү, өлкөнүн калкынын керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү көлөмдө мөмө-жемиш жана жаңгак азыктарын өндүрүү, экспортту уюштуруу жана ички агроазык-түлүк рыногунда, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн тышкы рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтүү стратегиялык милдет бойдон калууда.
Бул стратегиялык милдет асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүү, аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактарын өнүктүрүүдөн тышкары, мөмө-жемиш питомниктеринин санын көбөйтүүгө, ири соода-логистикалык борборлорду, мөмө-жемиш азыктарын узак мезгилге сактоочу жайларды жана муздаткычтарды курууга басым жасоо зарыл.
Ошондой эле өндүрүлгөн продукциянын көрүнүшүн жакшырта турган сорттоочу жана таңгактоочу линияларды куруу жана ишке киргизүү зарыл. Акыркы жылдары багбанчылыктын кыйла келечектүү багыттарынын бири интенсивдүү багбанчылык болуп калды, алар агрардык сектордун катализатору боло алат, анткени мөмө-жемиштерди өстүрүүнүн интенсивдүү технологиясын колдонуу салттуу (кадимки) технологияны пайдаланууга салыштырмалуу түшүмдү орто эсеп менен беш эсеге жогору камсыздай алат, ошентип продукциянын өстүрүүгө кеткен чыгымдар бир кыйла азайып, өндүрүмдүүлүк жогорулайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасында мөмө-жемиштердин бекитилген орточо жылдык физиологиялык керектөө ченеми 123,74 кг түзүшү керек. Бирок импорттук продукцияны эске алганда иш жүзүндөгү сандар кыйла төмөн - 53 кг. Эгерде башка өлкөлөрдүн маалыматтары менен салыштыра турган болсок, анда республиканын орточо жашоочусу Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн калкына салыштырмалуу пайдалуу витаминдик продукцияны 2,5-3 эсеге аз керектейт.
Жогоруда айтылган жагдайларды жана багбанчылык менен жүзүмчүлүктүн калыптануу келечегин, экономиканын агроөнөр жай секторун өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгарууну эске алуу менен 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) иштелип чыкты.
Программа айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана ресурстарды үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүү боюнча жогорку потенциалга ээ болгон өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн келечектүү тармактары - багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Багбанчылык менен жүзүмчүлүк тармагын андан ары өнүктүрүү жогорку рентабелдүүлүктү, экспорттук рынокторго багыт алууну, региондордун экономикалык туруктуулугун, жаңы жумуш орундарын түзүүнү жана жыйынтыгында - климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бул Программада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
бак - мөмө-жемиш өсүмдүктөрү өстүрүлгөн участок;
мөмө-жемиш багы - көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөрү ээлеген участок;
мөмө-жемиш питомниги - мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын өстүрүү үчүн участок;
көчөт - үрөндөн же калемчеден өстүрүлгөн жана андан ары туруктуу орунга отургузуу үчүн колдонулган жаш дарак же бадал;
жемиштер - көп жылдык мөмө өсүмдүктөрүнүн мөмөсү.
2. Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармагынын учурдагы абалына жалпы баалоо
Кыргыз Республикасы келечекте евразиялык рыноктун көбөйүп келе жаткан керектөөлөрүн эске алуу менен дээрлик ар бир региондо мөмө-жемиштерди жана жүзүмдү өндүрүүнүн көлөмүн андан ары көбөйтүү үчүн олуттуу потенциалга ээ.
Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармагын жандандыруу жана интенсивдүү өнүктүрүү өндүрүштүн капитал сыйымдуулугу жогору болгондугуна байланыштуу, мамлекеттик колдоо көрсөтүүсүз бул тармакты андан ары өнүктүрүү мүмкүн эмес. Багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу колдоо көрсөтүүнүн багыттары катары Европа бирлигинин, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн жана Түркия Республикасынан аталган өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүү сортторун сатып алуу менен байланышкан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарын субсидиялоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдалануу керек.
Ошондой эле мөмө-жемиштен консерваланган жана кургатылган азыктарды, шараптарды өндүрүү боюнча кайра иштетүү өнөр жайын жандандыруу маанилүү. Мунун баары республиканы евразиялык рынокко жаңы жана кайра иштетилген түрдөгү багбанчылык жана жүзүмчүлүк азыктарынын ири өндүрүүчүсүнө жана жеткирүүчүсүнө айлантууга өбөлгө түзөт.
Акыркы мезгилде республикада мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү өстүрүү боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кызыгуусу пайда болуп, аталган өсүмдүктөрдү себүү аянттары андан ары көбөйүп жаткандыгы байкалууда.
Республикада мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө колдонулган жалпы аянт 52,0 миң га, же өлкөдөгү жалпы айдоо аянттарынын 4,2 пайызын түзөт. Мөмө-жемиш өстүрүү тармагы негизинен 0,02 гектардан 1,5 гектарга чейинки чакан бакчалары бар жеке дыйкан чарбаларынан турат. Саналуу гана ири дыйкан жана фермердик бактар 50,0 гектар аянтка жетет. Мөмө-жемиш өстүрүлгөн болжол менен 800000 үй чарбасы бар.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, чарбалардын бардык категорияларында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты өсүү, ал эми жүзүмчүлүк аянттары азаюу тенденциясына ээ.
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түрлөрү | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 |
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн аянты, миң га | 50,9 | 52,9 | 53,0 | 51,2 | 51,3 |
Алардын ичинен: |
|
|
|
|
|
- мөмөлүү, миң га | 49,0 | 51,0 | 51,0 | 48,2 | 48,4 |
- жемиштер, миң га | 1,9 | 1,9 | 2,0 | 3,0 | 2,9 |
Жүзүм бактарынын аянты, миң га | 4,8 | 4,9 | 4,3 | 4,2 | 4,1 |
Эгерде, 2019-жылы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 50,9 миң гектарды түзсө, 2023-жылы болгону 51,2 миң гектарды түзгөн. Алардын ичинен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн аянты 1,1 миң гектарга чейин көбөйгөн.
Жүзүм бактарынын аянты 2019-жылы 4,8 миң га болсо, 2023-жылы 4,1 миң га болгон.
Мөмө-жемиш азыктарын өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылы 269,5 миң тоннаны, 2020-жылы - 278,0 миң тоннаны, 2021-жылы - 266,4 миң тоннаны, 2022-жылы - 275,5 миң тоннаны, 2023-жылы - 278,9 миң тоннаны түзгөн.
Жүзүм өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылы 8,9 миң тоннаны, 2020-жылы - 9,3 миң тоннаны, 2021-жылы - 7,4 миң тоннаны, 2022-жылы - 7,3 миң тоннаны, 2023-жылы - 5,1 миң тоннаны түзгөн.
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылы 261,1 миң тоннаны, 2020-жылы - 269,4 миң тоннаны, 2021-жылы - 257,9 миң тоннаны, 2022-жылы - 265,6 миң тоннаны, 2023-жылы - 265,6 миң тоннаны түзгөн.
2019-2023-жылдар аралыгында республикада мөмө-жемиш өндүрүү 2%га көбөйгөн.
Ошону менен бирге акыркы жылдары мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда: 2019-жылы - 52,9 ц/га, 2020-жылы - 52,3 ц/га, 2021-жылы - 50,2 ц/га, 2022-жылы - 53,8 ц/га, 2023-жылы - 50,0 ц/га.
Анын ичинде мөмө-жемиш: 2019-жылы - 54,2 ц/га, 2020-жылы - 54,5 ц/га, 2021-жылы - 48,6 ц/га, 2022-жылы - 51,8 ц/га, 2023-жылы - 50,9 ц/га.
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенген бардык категориядагы чарбакер субъекттерде уруктуу мөмө өсүмдүктөрү басымдуулук кылат, алардын үлүшү - 52,1%ды, данектүү - 38,6%ды, жаңгак жемиштери - 1,7%ды, субтропиктик - 1,6%ды, мөмө-жемиштер - 5,9%ды түзөт.
Мөмө-жемиш өстүрүлгөн негизги аймактар болуп Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустары саналат.
Өрүк, алча жана кара өрүк өлкөнүн түштүк региондорунда кеңири жайылган жемиш өсүмдүктөрү болуп саналат, түндүк региондордо негизги жемиш өсүмдүктөрү алма, алмурут жана өрүк болуп саналат.
Жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө республиканын бардык облустарынын товар өндүрүүчүлөрү кызыкдар.
Өстүрүлгөн мөмө-жемиштер ички рыноктордо жана тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларында жаңы терилген түрдө сатылат.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы мөмө-жемиштерди кайра иштетүү боюнча республиканын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат.
Кайра иштетүү өнөр жайы 68 өнөр жай ишканасын (юридикалык жактарды) жана мөмө-жемиш жана жүзүм азыктарын кайра иштетүү боюнча 291ден ашык жеке ишканаларды камтыйт. Кайра иштетүүчү алдынкы ишканалардын катарында: "Продимпекс", "Фермерс Органик Гарден", "Голден Сан", "Оско", "Коопромсервис", "Фэйр", "Агропласт", "Экопродукт Азия", "Айлана", "Агрохолдинг Сазановский", "Сокоев", "Интерфрут", "Лесной продукт", "Tomat KG", "Алыш-Дан", "Борбор шаар шарап-арак заводу", "Кыргыз Шампаны" жана "Алтын Шампаны" жоопкерчилиги чектелген коомдору, ошондой эле "Абдималик-Ата" үрөн чарбасы жана "Аталык Групп" жабык акционердик коому бар.
Кыргыз Республикасында мөмө-жемиш жана жүзүм азыктарын кайра иштетүү, логистика жана сактоо боюнча ишканалардын бардыгы 165 бирдикти түзөт, анын ичинен мөмө-жемиш азыктарын кайра иштетүү боюнча ишканалар - 53 бирдик, шарап заводдору - 15 бирдик, соода-логистикалык борборлор - 17 бирдик, мөмө-жемиш сактоочу жайлар - 75 бирдик. Аталган ишканаларда 1500 адам иштейт.
Мөмө-жемиш азыктарын кайра иштетүү боюнча ишканалар, соода-логистикалык борборлор мөмө-жемиш сактоочу жайлар тарабынан 2019-жылы 7393,5 тонна, анын ичинен мөмөлөр (жемиштер) - 4620,5 тонна; 2020-жылы - 8693,5 тонна, анын ичинен мөмөлөр (жемиштер) - 5651,5 тонна; 2021-жылы - 8013,9 тонна, анын ичинен мөмөлөр (жемиштер) - 5980,0 тонна; 2022-жылы - 12490,1 тонна, анын ичинен мөмөлөр (жемиштер) - 8119,2 тонна; 2023-жылы - 14264,8 тонна, анын ичинен мөмөлөр (жемиштер) - 9613,6 тонна кайра иштетилген. Кайра иштетилген мөмө-жемиш азыктарынан 2019-жылы - 8987,6 миң литр, 2020-жылы - 6613,3 миң литр, 2021-жылы - 8285,2 миң литр, 2022-жылы - 9109,9 миң литр, 2023-жылы - 9520,2 миң литр мөмө (жемиш) ширеси даярдалган.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча кайра иштетилген мөмө-жемиш өндүрүү өлкөнүн жалпы азык-түлүк өндүрүшүнүн 0,73 пайызын гана түздү. Шараптын ар кандай түрлөрү, консерва, компот, джем, желе, мармелад, сироп, ширелер, кургатылган жемиштер жана башка азыктар өндүрүлүүдө.
Кайра иштетилген мөмө-жемиш азыктары экспортко багытталган. Жаңы терилген мөмө-жемиштерден алма, өрүк, алча экспорттолот.
2019-жылы - алма 13514,1 тонна көлөмүндө 6956,6 миң АКШ долларына, 2020-жылы - 12981,2 тонна 4841,6 миң АКШ долларына, 2021-жылы - 15400,0 тонна 3777,2 миң АКШ долларына, 2022-жылы - 10810,0 тонна 2924,7 миң АКШ долларына, 2023-жылы - 5271,9 миң тонна 3353,5 АКШ долларына экспорттолгон.
Акыркы беш жылда ишканалардын 80%га жакыны өз продукцияларын Кыргызстандын аймагында гана сатууда. Экспорттолуучу кайра иштетилген продукциянын негизги түрү мөмө жана жемиш саналат. Экспорттун алдынкы багыттары болуп Россия, Казакстан, Украина, ЕБ өлкөлөрү, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары саналат.
Жашылчаларды кайра иштетүүчү ишканалар негизинен өлкөнүн түштүк аймактарында жана жарым-жартылай Чүй облусунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан.
Мөмө-жемиштерди (алма, карагат, малина, өрүк) кайра иштетүүгө адистешкен ишканалар негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.
Азыркы учурда республиканын калкы мөмө-жемиш азыктары менен камсыз болгон эмес. Кыргыз Республикасынын мөмө-жемиш азыктары менен камсыз болуусу 2019-жылы - 16,5%, 2020-жылы - 15,0%, 2021-жылы 28,9%, 2022-жылы - 28,4%, 2023-жылы - 30,4% түздү.
3. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Айыл чарба өндүрүшүн пландуу жүргүзүү мезгилинде (1965-1991-жылдар) мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн негизи түптөлгөн.
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы ата мекендик сортторун чыгаруу боюнча селекциялык иштер алдынкы тажрыйбаны жана ата мекендик илимдин жетишкендиктерин киргизүү жана пайдалануу менен мөмө-жемиш питомниктеринде жүргүзүлгөн.
Мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү даяр мөмө-жемиш продукциясын кабыл алуу, сорттоо, таңгактоо, маркалоо, сертификаттоо, сактоо, ташуу жана сатуу боюнча технологиялык процесстин бардык ченемдерин сактоо менен жүргүзүлгөн.
Эгемендүүлүк жылдарында багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Жер жана агрардык реформаны жүргүзүү менен жайыттардан тышкары, айыл чарба багытындагы жерлер жеке менчикке өткөрүлүп берилген, бул жердин чоң участокторунда бакчаларды жана огороддорду кеңейтүү процессинде негизги фактор болуп калды.
Ошону менен бирге жеке менчик жер пайдалануучулар сугат жерлеринде жана жайыт участокторунда көп жылдык бак-дарактарды өстүрүүгө укуксуз экендиги жөнүндө жобо мыйзамдык түрдө бекитилген.
2019-жылы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы менен жеке менчикте турган айыл чарба жерлерин жердин бир түрүнөн башкасына которууну (трансформациялоону) жүзөгө ашырбастан айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланууга уруксат берилген.
Анын натыйжасында сугат жерлеринде ири бакчалардын интенсивдүү өсүүсү болду, бул республикада багбанчылыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү бурулуштуу учур болду.
Ошондой эле 2022-жылы жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл чарба продукциясын өндүрүү, анын ичинде мөмө-жемиш продукциясы жана жүзүмчүлүк үчүн пайдалануу жөнүндө ченемди мыйзамдык түрдө бекиткен.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунда асылдуулугу төмөн жайыттар андан ары Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен белгиленген тартипте жерлердин максаттуу багыты өзгөргөндөн кийин 20 жылга чейинки мөөнөткө айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына пайдаланууга берилиши мүмкүн деп белгиленген.
Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактарын өнүктүрүүнүн укуктук негизин түздү, бул өлкөнүн жемиш өстүрүү секторун андан ары өнүктүрүү үчүн жерди пайдалануудагы негизги жетишкендик болуп калды.
Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү оң натыйжа берет жана ал асылдуулугу төмөн участокту өздөштүргөн фермерге гана пайдалуу болбостон, жыйынтыгында эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына, алынуучу продукциянын өздүк наркынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, жердин асылдуулугунун өсүшүнө жана бардык айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүнө өбөлгө түзөт. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү салык базасын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт, жаңы жумуш орундарын түзөт жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө да, жалпысынан өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө да салым кошот.
Ошондой эле агроөнөр жай комплексинин субъекттерин "Айыл чарбасын каржылоо" жана "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорлорунун линиясы боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо ата мекендик өндүрүштүн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн санын көбөйтүүгө жана чет өлкөлүк селекциянын мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн алып келүүгө өбөлгө түздү.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге жана ДСУга мүчөлүгү, ошондой эле экспорттук рыноктордун болушу, ишкердик субъекттердин Кыргыз мөмө-жемиш продукциясын сатып алууга болгон кызыгуусу, ошондой эле эл аралык донордук уюмдардын колдоосу ата мекендик багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Ошону менен бирге багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактарында алардын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген көптөгөн көйгөйлөр бар. Негизги көйгөйлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү майда товардык өндүрүү. Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактары айдоо аянттары аз жана анча чоң эмес көлөмдөгү дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан көрсөтүлгөн. Багбанчылыкта орун алган бытырандылык жана майда товардуулук өндүрүштүн масштабынын натыйжасын толук пайдаланууга жана андан да чоң түшүмдүүлүккө жана продукциянын сапатына жетишүүгө мүмкүндүк бербейт;
2) учурдагы экстенсивдүү бакчалардын жана жүзүм бактарынын көпчүлүгү агротехниканын деңгээлинин төмөндүгүнөн, сабатсыз жүргүзүлгөн кыркуудан (ал эми кээде анын жоктугунан), коргоо иш-чараларынын системасын кыскартуудан улам түшүмдүүлүк потенциалын жоготту. Мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү төмөн, колдонулуучу ассортименттин мөмө-жемиштери бир тектүү эмес, суроо-талапка ээ болбогон көп жылдык бак-дарактар тамыры менен жулунуп, ал эми жер участоктору башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн пайдаланылууда;
3) товардык көрүнүшүнүн жоктугунан ички рынокто багбанчылык жана жүзүмчүлүк продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөн;
4) түздөн-түз керектөөчү тарабынан ата мекендик өндүрүштүн мөмө-жемиштерди сорттук идентификациялоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
5) татаал социалдык-экономикалык шарттар, материалдык-техникалык базанын эскиришинин жогорку деңгээли, продукцияга жана өндүрүш каражаттарына баалардын диспаритети, салыктарга ставкалардын жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин жогору болушу багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарбаларынын жана мөмө-жемиш питомниктеринин көпчүлүк бөлүгүнүн оор финансылык абалына алып келди, жаңы илимий иштеп чыгууларды ишке ашыруунун жетишсиз көлөмү, өндүрүүчүлөр менен илимий уюмдардын ортосундагы начар байланыш;
6) заманбап интенсивдүү бак-дарактарды отургузуунун төмөн темпи. Бул процесс чоң капиталдык салымдарды гана эмес, сабаттуу, интенсивдүү технологияларды билген, зарыл болгон деңгээлде технологиялык колдоону камсыз кылууга жөндөмдүү адистердин болушун да талап кылат;
7) квалификациялуу адистердин өтө жетишсиздиги;
8) багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактарын, мөмө-жемиш питомниктерин курууну республикалык бюджеттен каржылоонун деңгээлинин төмөндүгү;
9) багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактарын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөй болуп саналган жагымсыз табигый-климаттык шарттар.
Башка көйгөйлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикада өстүрүү үчүн жарактуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн ири мөмөлүү жогорку товардык сортторун өстүрүүнүн жетишсиздиги;
- жаңы отургузууда интенсивдүү бакчалардын талаптарына жооп ылайык келбеген көчөттөрдү колдонуу;
- негизги агроприемдердин сапатын жана өз убагында аткарылышын сактабоо;
- ишенимдүү адистештирилген чакан габариттүү техникага өтүүнүн динамикасынын төмөндүгү же мындай техниканын жоктугу;
- сапаттуу бакча инвентарларын жана зарыл болгон материалдарды жетишсиз санда чыгаруу.
Болгон көйгөйлөрдү чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүм өстүрүү үчүн айыл чарба багытындагы асылдуулугу төмөн жерлерди айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү, финансы каражаттарын жана жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү өстүрүүнүн жаңы технологияларын ишке киргизүү, мөмө-жемиш продукциясын өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча жаңы ишканаларды түзүү, жумуш орундарын түзүү, экспортко жогорку сапаттагы мөмө-жемиш продукциясын өндүрүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу талап кылынат.
4. Программаны ишке ашыруунун максаты, артыкчылыктуу багыттары, милдеттери жана чаралары
Бул Программанын максаты республиканын калкын жаңы, сапаттуу мөмө-жемиштер жана аларды кайра иштетүү продукттары менен камсыз кылуу, тармактын экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат. Бул максатка жетүү Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Бул Программанын коюлган максатына жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыт тандалып алынган:
1-артыкчылыктуу багыт. Өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчү жана соода уюмдарынын ортосунда интеграцияланган уюштуруу түзүмүн түзүү аркылуу багбанчылыкта жана жүзүмчүлүктө чарба жүргүзүүнүн уюштуруу-экономикалык механизмин өркүндөтүү.
Интеграцияланган уюштуруу түзүмүнүн иши кластердик өндүрүш принциби боюнча негизделет, анын байланыштыруучу звеносу болуп кайра иштетүүчү ишкана же агрегатор катары соода-логистикалык борбор, мөмө-жемиш продукциясын өндүрүү менен алектенген айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана катышуучу катары экспорт менен алектенген соода уюмдары саналат.
Башка ингеграцияланган уюштуруу түзүмү дыйкан (фермер) чарбалары, мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер тарабынан түзүлгөн айыл чарба кооперативи болушу мүмкүн.
Мөмө-жемиш кластеринин жана мөмө-жемиш кооперативинин катышуучуларынын ортосундагы экономикалык өз ара мамилелер экономикалык мотивация жана келишимдик негизде мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү өндүрүү боюнча кооперативдик бирикмелерди жана кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү процесстерине дем берүү менен уюштурулат. Кооперативдик бирикмени жана кластерди башкаруунун жогорку органы болуп катышуучулардын жалпы чогулушу саналат, анын негизги функциясы - көрсөтүлгөн бирикмелер түзүлгөн максаттарга жетүү.
Биринчи артыкчылыктуу багыттын милдеттери:
1) мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген чарбалык субъекттерди кооперативдик бирикмелерге жана кластерлерге консолидациялоо (ирилештирүү) саясатын өркүндөтүү. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- кластерлердин негизинде багбанчылыкты, жүзүмчүлүктү жана мөмө-жемиш питомниктерин түзүү жана өнүктүрүү;
- региондук кооперативдерди жана алардын бирдиктүү бирлигин түзүү жана өнүктүрүү;
2) мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү өндүрүү боюнча кооперативдик бирикмелердин жана кластерлердин ишин түзүү жана өнүктүрүү процесстерине дем берүү. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүм отургузуу үчүн асылдуулугу төмөн жерлерди бөлүп берүү;
- багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларынын жана мөмө-жемиш питомниктеринин материалдык-техникалык базасын жаңылоо;
- багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларына жана мөмө-жемиш питомниктерине жеңилдетилген кредит берүү;
- "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында көчөттөрдү, шыргыйларды, зымдарды, тамчылатуучу жабдууларды жеткирүүнү жана электрлештирүүнү каржылоону иштеп чыгуу;
- багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларын жана мөмө-жемиш питомниктерин түзүү, кайра иштетүүчү жана логистикалык инфраструктураларды өнүктүрүү;
3) жүзүмчүлүктө жана шарап өндүрүүдө ишкердикти өнүктүрүү. Бул милдет төмөнкү чараны карайт:
- жүзүмчүлүк жана шарап өндүрүү чарбаларын түзүү боюнча долбоорлор/бизнес-пландар үчүн техникалык карталарды, сорттор боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) жүзүмчүлөрдү көчөт менен камсыз кылуу, урук көчөт материалдарын импорттоого көмөк көрсөтүү. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- тармакты вируссуз көчөт материалы менен камсыз кылуу үчүн жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүү боюнча базалык питомниктерди түзүү;
- жүзүм өндүрүүчүлөрдү энелик көчөт материалы менен камсыз кылуу максатында энелик көчөт материалын импорттоо үчүн жеңилдетилген кредит берүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
5) жүзүм өстүрүү үчүн жер участокторун белгиленген ставка боюнча ижарага берүү. Бул милдет төмөнкү чараны карайт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан фермерлерге, жүзүмчүлөргө, шарап өндүрүүчү ишканаларга жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүү үчүн белгиленген ставка боюнча жер участокторун ижарага берүү маселесин иштеп чыгуу;
6) жүзүмдү жана аны кайра иштетүү продукциясын сактоо үчүн адистештирилген жайларды түзүү. Бул милдет төмөнкү чараны карайт:
- жүзүмдү жана аны кайра иштетүү продукциясын адистештирилген сактоочу жайларды түзүү үчүн керектөөлөргө жараша жер участокторун жана объекттерди аныктоо;
7) шарап өндүрүү продукциясынын сапатын контролдоону камсыз кылуу. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- жүзүм шараптарынын физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча анализ жүргүзүүгө иштеп жаткан аккредитацияланган лабораториялардын (Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун Сыноо лабораториясы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноо лабораториясы) мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө;
- физика-химиялык көрсөткүчтөр боюнча жүзүм шараптарына анализ жүргүзүү үчүн иштеп жаткан аккредитацияланган лабораторияларды жабдуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредит бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
8) иштеп жаткан чарбалык субъекттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- жүзүмдү өстүрүүдөн кайра иштетүүгө жана даяр продукцияны өндүрүүгө чейин толук циклди камтыган кластерди түзүү боюнча долбоорду даярдоо;
- андан ары кластерге интеграциялоо менен жүзүмдү кабыл алуу жана кайра иштетүү пункттарын түзүү;
9) айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын сатууга колдоо көрсөтүү. Бул милдет төмөнкү чараны карайт:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан жүзүмдүн техникалык сортторун белгилүү көлөмдө, анын ичинде кластердик ыкма аркылуу жүзүмдү кайра иштетүү ишканаларына сатуу механизмин иштеп чыгуу;
10) Кыргыз Республикасындагы жүзүмчүлүктүн жана шарап өндүрүүнүн инвестициялык потенциалын презентациялоо. Бул милдет төмөнкү чараларды камтыйт:
- Италиянын, Испаниянын, Франциянын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жүзүмчүлүк ишканалары үчүн республиканын региондорундагы жүзүмчүлүктүн жана шарап өндүрүүнүн потенциалы жөнүндө промороликтерди, презентациялык материалдарды даярдоо;
11) заманбап технологияларды киргизүү. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- таза сорттогу жүзүм өндүрүүгө инвестицияларды тартуу;
- жүзүмдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн климатты контролдоонун автоматташтырылган системаларын киргизүү үчүн инвестицияларды тартуу;
12) ата мекендик шарап өндүрүүчүлөрдүн продукциясын илгерилетүүгө көмөктөшүү. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- ишкананы жана жүзүм багынын мүнөздөмөлөрүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен өткөрүлүүчү дегустациялык сынактардын жыйынтыгы боюнча тармактык эксперттер тарабынан түзүлүүчү ата мекендик шарап өндүрүүчүлөрдүн ачык "шарап картасын" түзүү;
- ата мекендик шарап өндүрүү продукциясын дүйнөлүк рынокко чыгарууга багытталган эл аралык иш-чараларга өндүрүүчүлөрдүн катышуусун уюштуруу, ошондой эле продукцияны дүйнөлүк сынактарда көрсөтүү;
- кыргыз шараптарынын брендин түзүү, өлкөнүн масштабында жана анын чегинен тышкары сапаттуу продукцияга көңүл буруу үчүн маркетингдик кампанияларды өткөрүү;
13) шарап ишканаларынын жергиликтүү продукцияларын илгерилетүү. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- "шарап картасынын" негизинде туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;
- шарап өндүрүү менен байланышкан шарап маршруттарын, фестивалдарды жана иш-чараларды уюштуруу.
2-артыкчылыктуу багыт. Жергиликтүү табигый жана экологиялык шарттарга адаптацияланган интенсивдүү бакчаларды жана жүзүм бактарын өстүрүүнүн инновациялык технологияларын киргизүү.
Экинчи артыкчылыктуу багыттын милдеттери:
1) инновациялык агротехнологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, кыртышты коргоочу жана сууну үнөмдөөчү методдорду колдонууга акырындык менен өтүү. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- түшүмдүүлүгү жогору, катаал жаратылыштык-климаттык шарттарга, илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуу болгон мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн жаңы сортторун чыгаруу;
- инновациялык агротехнологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү, кыртышты коргоочу жана сууну үнөмдөөчү методдорду колдонууга акырындык менен өтүү;
- чет өлкөлүк өндүрүштөгү заманбап интенсивдүү бак-дарактарды тигүүнүн темпин жогорулатуу, республиканын шарттарында экологиялык жактан туруктуу болгон кыйыштыруу комбинацияларын сабаттуу тандоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдары менен камсыздоо;
- республиканын рынокторуна мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн өндүрүлгөн көчөт материалдарын жеткирүү;
- багбанчылык жана жүзүмчүлүк үчүн суу скважиналарын жана тамчылатып сугаруу системаларын орнотуу;
2) багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармактарынын өндүрүмдүүлүгүн жана рентабелдүүлүгүн жогорулатуу. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- айдоо аянттарын, түшүмдүүлүктү жана мөмө-жемиш азыктарын жана жүзүмдү өндүрүүнү оптималдаштыруу;
- кайра иштетүү азыктарын жана мөмө-жемиш продукцияларын жана жүзүм экспортунун санын көбөйтүү;
- калкты мөмө-жемиш азыктары жана жүзүм менен камсыз кылууга жетүү боюнча иштерди жүргүзүү;
3) климаттык шарттарды эске алуу менен контурду, электрлештирүү жана сугаруу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү менен жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүү үчүн талаптарга жооп берген жер аянтын аныктоо. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- жогорку сапаттагы жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүүчү аянтты аныктоо;
- жогорку сапаттагы жүзүмдүн техникалык сортторун өстүрүү үчүн зарыл болгон бардык мүнөздөмөлөрү бар жер участокторунун паспортун даярдоо:
- ирригациялык системанын объекттерин көрсөтүү менен сугат сууну камсыздоо;
- электр энергиясы менен камсыз кылуу;
- борбордук трассаларга чыгууну камсыз кылган жолдорго чыгуу (кире турган жолдор);
4) республиканын аймактарында климаттык шарттарга ылайыкташкан жүзүм сортторун иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү. Бул милдет төмөнкү чараларды камтыйт:
- региондордун климаттык шарттарына ыңгайлашкан жүзүм сортторун иштеп чыгуу жана азыктардын жогорку сапатын камсыз кылуу боюнча корутундусу жана сунуштары менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына аналитикалык кат киргизүү;
5) экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү. Бул милдет төмөнкү чараларды камтыйт:
- тышкы рынокторго чыгуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талдоо.
3-артыкчылыктуу багыт. Багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарба субъекттеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу.
Үчүнчү артыкчылыктуу багыттын милдеттери:
1) селекционер - багбандарды жана жүзүмчүлөрдү даярдоо. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- жогорку окуу жайларында селекционер-багбандарды жана жүзүмчүлөрдү чыгаруу;
- багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарба жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу;
2) мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүүнүн заманбап технологиялары жөнүндө мөмө-жемиш питомниктеринин ээлерин системалуу окутуу. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, окууларды, тренингдерди, тегерек столдорду өткөрүү аркылуу мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү өндүрүү менен алектенген чарбакер субъекттердин билимин жогорулатуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК), расмий сайттарда жана уюлдук тиркемелерде багбанчылыктын жана жүзүмчүлүктүн заманбап технологиялары жөнүндө маалыматтарды, маалымдарды жайгаштыруу;
3) жүзүмчүлүк жана шарап жасоо багыты боюнча адистерди даярдоо. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында жүзүмчүлүк боюнча агрономдорду даярдоо программасын иштеп чыгуу;
- жыл сайын студенттерди тажрыйба алмашуу программаларынын алкагында окууга жиберүү;
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, М.А.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин, Кыркыз-Түрк "Манас" университетинин, Кыргыз Республикасынын орто атайын окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары үчүн шарап чыгаруучу ишканаларда практикадан жана стажировкадан өтүүнү уюштуруу;
- өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн окуу жайлардын өндүрүштүк филиалдарын түзүү;
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери үчүн шарап чыгаруучу ишканаларда пилоттук долбоорлорду түзүү жана өнүктүрүү;
4) региондордо фермер-жүзүмчүлөрдү окутуу. Бул милдет төмөнкү чараларды карайт:
- жүзүм өстүрүүчү жергиликтүү фермерлерге жүзүм өстүрүүнүн, кыртышты иштетүүнүн, жүзүм бактарын кароонун заманбап методдорун окутуу боюнча билим берүү программаларын, семинарларды ишке киргизүү.
5. Орто мөөнөттүү мезгилде багбанчылык, жүзүмчүлүк жана мөмө-жемиш питомниктерин өнүктүрүү
Айдоо аянтын оптималдаштыруу. Орто мөөнөттүү мезгилде (2025-2029-жылдар) 60,63 миң гектардан 109,63 миң гектарга чейин көбөйтүү багытында мөмө-жемиштердин жана жүзүмдүн айдоо аянттарын андан ары пландаштыруу белгиленүүдө.
Мөмө берүүчү курактагы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн айдоо аянттарын пландаштыруу, миң га:
№ | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн аталышы | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | |
| Жалпы мөмө-жемиш жана жүзүм | 60,63 | 71,85 | 84,32 | 98,73 | 109,63 | |
1 | Уруктуулар, жалпы | 30,70 | 38,00 | 45,20 | 52,20 | 57,43 | |
Анын ичинен: | алма | 28,0 | 34,1 | 40,2 | 46,2 | 50,82 | |
| алмурут | 2,3 | 3,3 | 4,3 | 5,1 | 5,61 | |
| бий алма | 0,4 | 0,6 | 0,7 | 0,9 | 1,0 | |
2 | Данектүүлөр, бардыгы | 23,10 | 26,20 | 30,60 | 37,00 | 41,55 | |
Анын ичинен: | кара өрүк | 2,5 | 2,9 | 3,6 | 4,9 | 5,5 | |
| чие | 2,3 | 3,0 | 3,8 | 4,5 | 5,10 | |
| гилас | 2,6 | 3,2 | 4,1 | 5,3 | 5,85 | |
| өрүк | 13,6 | 14,2 | 15,5 | 18,0 | 20,20 | |
| шабдалы | 1,8 | 2,5 | 3,1 | 3,7 | 4,20 | |
| алча жана башкалар | 0,3 | 0,4 | 0,5 | 0,6 | 0,70 | |
3 | Жаңгак жемиштер, бардыгы | 1,21 | 1,47 | 1,70 | 2,00 | 2,43 | |
Анын ичинен: | жаңгак | 0,87 | 0,93 | 0,98 | 1,1 | 1,25 | |
| бадам | 0,34 | 0,53 | 0,72 | 0,9 | 1,17 | |
| мисте | 0,002 | 0,003 | 0,002 | 0,002 | 0,003 | |
| фундук жана башкалар | 0,002 | 0,002 | 0,002 | 0,002 | 0,003 | |
4 | Субтропикалык, жалпы | 0,87 | 0,96 | 1,07 | 1,20 | 1,27 | |
Анын ичинен: | анжир | 0,03 | 0,03 | 0,03 | 0,03 | 0,03 | |
| курма | 0,57 | 0,62 | 0,68 | 0,74 | 0,76 | |
| анар | 0,27 | 0,31 | 0,36 | 0,43 | 0,48 | |
| жүзүм | 4,75 | 5,23 | 5,75 | 6,32 | 6,95 | |
Алдынкы мезгилге (2025-2029-жж.) мөмө-жемиш жана жүзүм айдоо аянты 109,63 миң гектарды түзөт же 2025-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйөт. Көбөйүү түшүмдүү эмес жайыт жерлерин айыл чарбалык пайдаланууга киргизүүнү эске алуу менен жетишилет.
Мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрүн өндүрүүнү болжолдоо.
Орто мөөнөттүү мезгилге (2025-2029-жж.) мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн өсүшү болжолдонууда, миң тонна
№ | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн аталышы | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | |
| Жалпы мөмө-жемиш жана жүзүм | 319,37 | 378,25 | 486,69 | 566,89 | 638,44 | |
1 | Уруктуулар, жалпы | 175,2 | 217,2 | 273,4 | 310,3 | 345,07 | |
Анын ичинен: | алма | 159,7 | 194,2 | 240,4 | 271,5 | 301,37 | |
| алмурут | 13,5 | 19,3 | 28,2 | 33,2 | 37,5 | |
| бий алма | 2,00 | 3,7 | 4,8 | 5,6 | 6,2 | |
2 | Данектүүлөр, бардыгы | 124,8 | 139,3 | 188,2 | 227,2 | 261,2 | |
Анын ичинен: | кара өрүк | 13,0 | 14,8 | 20,0 | 28,5 | 34,1 | |
| чие | 9,7 | 13,3 | 17,0 | 20,9 | 25,1 | |
| кокон гилас | 14,6 | 17,1 | 24,0 | 31,3 | 38,0 | |
| өрүк | 71,9 | 72,4 | 99,6 | 109,6 | 120,2 | |
| шабдалы | 14,2 | 19,6 | 25 | 33,7 | 40,1 | |
| алча жана башкалар | 1,4 | 2,1 | 2,6 | 3,2 | 3,7 | |
3 | Жаңгак жемиштер, бардыгы | 5,11 | 6,12 | 6,63 | 8,41 | 9,31 | |
Анын ичинен: | жаңгак | 3,6 | 3,61 | 3,62 | 4,0 | 4,1 | |
| бадам | 1,5 | 2,5 | 3,0 | 4,4 | 5,2 | |
| мисте | 0,007 | 0,009 | 0,01 | 0,01 | 0,01 | |
| фундук жана башкалар | 0,001 | 0,001 | 0,002 | 0,002 | 0,002 | |
4 | Субтропикалык, жалпы | 5,71 | 5,96 | 7,54 | 8,84 | 9,3 | |
Анын ичинен: | анжир | 0,24 | 0,26 | 0,28 | 0,29 | 0,3 | |
| курма | 3,99 | 4,21 | 5,76 | 6,0 | 6,2 | |
| анар | 1,48 | 1,49 | 1,5 | 2,55 | 2,8 | |
| жүзүм | 8,6 | 9,7 | 10,9 | 12,1 | 13,6 | |
Мөмө-жемиш жана жүзүм өндүрүүнүн өсүшү бардык мөмө-жемиш өсүмдүктөрү боюнча айдоо аянтын 49,0 миң гектарга жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 9,1 ц/га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
Мөмө-жемиш азыктарынын экспортун болжолдоо.
Орто мөөнөттүү мезгилге (2025-2029-жж.) мөмө-жемиш азыктарынын экспортунун өсүшү болжолдонууда, тонна.
№ | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн аталышы | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | |
| Жалпы мөмө-жемиш | 13955 | 18439 | 28527 | 38803 | 48652,9 | |
1 | Уруктуулар, жалпы | 11164 | 14751 | 22822 | 31042 | 38803,0 | |
Анын ичинен: алма | 11164 | 14751 | 22822 | 31042 | 38803,0 | ||
2 | Данектүүлөр, бардыгы | 2232,6 | 2950,1 | 4564,3 | 6208,4 | 7987,1 | |
Анын ичинен: |
|
|
|
|
| ||
| кара өрүк | 20 | 25 | 30 | 40 | 45 | |
| кокон гилас | 837,2 | 1106,3 | 1711,6 | 2328,1 | 3026,5 | |
| өрүк | 1375,4 | 1818,8 | 2822,7 | 3840,3 | 4915,6 | |
3 | Жаңгак жемиштер, бардыгы | 558,4 | 737,6 | 1141,1 | 1552,3 | 1862,8 | |
Анын ичинен: жаңгак | 558,4 | 737,6 | 1141,1 | 1552,3 | 1862,8 | ||
Мөмө-жемиш азыктарынын экспорту өсүү тенденциясына ээ жана болжолдонгон мезгилде өсүү 3,5 эсеге жетет.
Мөмө-жемиш азыктарынын дүң өндүрүшүн болжолдоо.
Орто мөөнөттүү мезгилге (2025-2029-жж.) мөмө-жемиштердин дүң өндүрүшүнүн өсүшү болжолдонууда, млн. сом.
№ | Мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн аталышы | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | |
| Жалпы мөмө-жемиш жана жүзүм | 23374,2 | 28430,3 | 37310,5 | 44441,8 | 52038,3 | |
1 | Уруктуулар, жалпы | 13196,9 | 16687,8 | 21425,8 | 24804 | 28555,8 | |
Анын ичинен: | алма | 12029,4 | 14920,7 | 18839,7 | 21702,5 | 24523,8 | |
| алмурут | 1016,9 | 1482,8 | 2210 | 2653,9 | 3450,1 | |
| бий алма | 150,6 | 284,3 | 376,2 | 447,6 | 581,9 | |
2 | Данектүүлөр, бардыгы | 9348,6 | 10643,5 | 14667,4 | 18061 | 22404,5 | |
Анын ичинен: | кара өрүк | 973,8 | 1130,8 | 1558,7 | 2265,6 | 2718,7 | |
| чие | 726,6 | 1016,2 | 1324,9 | 1661,4 | 2159,8 | |
| кокон гилас | 1093,7 | 1306,6 | 1870,4 | 2488,2 | 3110,3 | |
| өрүк | 5385,9 | 5531,9 | 7762,3 | 8712,5 | 10890,6 | |
| шабдалы | 1063,7 | 1497,6 | 1948,4 | 2678,9 | 3214,7 | |
| алча жана башкалар | 104,9 | 160,5 | 202,6 | 254,4 | 310,4 | |
3 | Жаңгак жемиштер, бардыгы | 501,87 | 751,17 | 768,37 | 1089,2 | 612,6 | |
Анын ичинен: | жаңгак | 419,5 | 429,1 | 438,9 | 494,6 | 499,5 | |
| бадам | 81,6 | 97,92 | 107,7 | 109,9 | 112,1 | |
| мисте | 0,8 | 1,1 | 0,7 | 0,7 | 0,8 | |
| фундук жана башкалар | 0,1 | 0,1 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | |
4 | Субтропикалык, жалпы | 326,74 | 347,86 | 448,88 | 487,62 | 463,2 | |
Анын ичинен: | анжир | 13,7 | 15,2 | 16,7 | 17,6 | 18,2 | |
| курма | 228,3 | 245,7 | 342,9 | 348 | 350,0 | |
| анар | 84,7 | 87 | 89,3 | 92,0 | 95,0 | |
| жүзүм | 1,35 | 1,51 | 1,74 | 2,0 | 2,24 | |
Мөмө-жемиштердин дүң өндүрүшү болжолдонгон мезгилде 28664,1 млн. сомго көбөйөт. Мөмө-жемиштин дүң азыктарынын үлүшү жалпы өсүмдүктөрдүн дүң азыктарынын көлөмүндө 13,0%ды, ал эми айыл чарбасында 7,1%ды түзөт.
Багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбаларын жана питомниктерди өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасында дыйкандардын (фермерлердин) 95%ы салттуу багбанчылык менен алектенет жана 5%ы гана интенсивдүү багбанчылык менен алектенет.
Азыркы учурда республикада 295 багбанчылык чарбасы бар, алардын жалпы аянты 68464,0 га түзөт, анын ичинде Баткен облусунда 96 бирдик, ээлеген аянты 16912,0 га, Жалал-Абад облусунда - 28 бирдик, ээлеген аянты 9310,0 га, Ысык-Көл облусунда - 110 бирдик, ээлеген аянты 13112,0 га, Ош облусунда - 18 бирдик, ээлеген аянты 12115,0 га, Талас облусунда - 27 бирдик, ээлеген аянты 5260,0 га, Чүй облусунда - 16 бирдик 11755,0 га аянты менен.
Аталган багбанчылык чарбаларында 56,0 миңден ашуун адам эмгектенет, алар мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча өндүрүштүк иштер менен алектенишет.
Ушул Программаны ишке ашыруу мезгилинде 858 багбанчылык чарбасын түзүү пландаштырылууда, алардын жалпы аянты 49000,0 га.
Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармагын өнүктүрүүнүн негизги жана эң маанилүү багыттарынын бири питомниктерди өнүктүрүү болуп саналат. Сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү көчөт материалы туруктуу жогорку түшүм алуунун пайдубалы жана ачкычы болуп саналат.
Республикада 107 мөмө-жемиш питомниктери бар, алардын ичинен расмий статуска ээ 10 питомниктин жалпы ээлеген аянты 138,0 га, анын ичинде Баткен облусунда 2 бирдик, Ысык-Кел облусунда - 4 бирдик, Ош облусунда - 1 бирдик, Чүй облусунда - 3 бирдик, калган 97 питомник жеке көмөкчү чарбалар (үй жанындагы чарбалар) статусуна ээ, жалпы ээлеген аянты 209,0 га, анын ичинде Баткен облусунда - 50 бирдик, Жалал-Абад облусунда - 15 бирдик, Ысык-Көл облусунда - 10 бирдик, Ош облусунда - 11 бирдик, Ош шаарында - 10 бирдик, Таласта - 1 бирдик. Аталган мөмө-жемиш питомниктеринде 120дан ашык адам туруктуу жана 9850 жумушчу сезондо иштешет.
Мындан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча эки мамлекеттик сорт сыноо станциялары жана тогуз мамлекеттик сорт сыноо участоктору иш алып жүргүзүүдө.
Бул Программаны ишке ашыруу мезгилинде жалпы аянты 200,0 га он мөмө-жемиш питомнигин түзүү пландаштырылууда, анын ичинен үчөөсү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) ишке ашырып жаткан "Багбанчылыкта алдынкы технологияларды жайылтуу үчүн инновациялык ыкмаларды киргизүү жана илгерилетүү" долбоору боюнча түзүлөт.
Бул Программада мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын 109,63 миң га чейин жеткирүү каралган, бул 2023-жылга салыштырмалуу 2 эсе көп. 2025-2029-жылдар аралыгында 49,0 миң га жаңы мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрү отургузулат.
Сапаттуу көчөттөрдү колдонуу өтө маанилүү. Ата мекендик бакчаларды импорттук бактар менен атаандаша ала турган ата мекендик селекциянын көчөттөрүн пайдалануу менен түптөш керек, бул үчүн илимий уюмдар жана мекемелер республикада чыгарылган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун мыкты үлгүлөрүн иштеп чыгышы жана ишке киргизиши керек.
Бул Программаны ишке ашыруу үчүн жыл сайын 3,4 миллиондон ашык көчөт өндүрүү жана аянты 8580,0 гектардан кем эмес мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүм өстүрүү үчүн бакчаларды жана питомниктерди түптөө керек.
Данектүү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалында ата мекендик селекциянын сорттору басымдуулук кылат. Бирок, үрөн өсүмдүктөрүнүн, анын ичинде алма бактарынын көчөт материалында чет элдик сорттор көбүрөөк. 2023-жылы республикада мөмө-жемиш питомниктеринин аянты 138,0 миң га түзүп, көчөт материалдарын өндүрүү 1,5 млн даанага жеткен. Ата мекендик өндүрүштөгү көчөттөрдүн тартыштыгы чет өлкөдөн келген импорт менен жабылат.
Инновациялык технологияларды киргизүү. Багбанчылык жана жүзүмчүлүк тармагын өркүндөтүүнүн багыттарынын бири заманбап тестирлөө, айыктыруу жана клоналдык микрокөбөйтүү ыкмаларын колдонуу менен вируссуз көчөт материалдарын өстүрүүнүн инновациялык системаларын колдонуу. Биотехнологиялык ыкмаларды колдонуу менен көчөттөрдү өндүрүү системасын өнүктүрүү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- кыска мөөнөттө жана жетиштүү көлөмдө дени сак көчөт материалдарын алууну;
- мөмө-жемиш сортторунун тез көбөйүүчү баалуу клондорун алууну;
- вегетативдик тукумдарды көп санда алууну;
- көчөт материалын in vitro шартында узак мөөнөткө сактоону, ошондой эле аны карантиндик зыянкечтерди жана илдеттерди жуктуруп алуу коркунучу жок эл аралык деңгээлде алмашууну.
Бүгүнкү күндө жемиш, мөмө жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн өндүрүүдө жана сатууда адистешкен 2-категориядагы үрөнчүлүк чарбалардын статусу 14 чарбага ээ. Бул питомниктер тарабынан жылына өндүрүлгөн көчөттөрдүн жалпы саны болжол менен 1,0-1,5 млн. даана, муктаждык 3,0-4,0 млн даана. Бул тартыштыкты тез арада жоюу үчүн "Virus free zone" сертификаты бар өндүрүүчүлөрдөн сапаттуу көчөттөрдү сатып алуу, аларды "Инвитро" лабораториясы аркылуу көбөйтүү, көчөттөрдү өндүрүү өзгөчө статусу бар чарбаларда өстүрүү жана аларды өлкөнүн багбандарына сунуштоо зарыл.
Мөмө-жемиш азыктарын өстүрүүнүн, сактоонун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун бирдиктүү технологиялык процессине кошулуу мөмө-жемиштердин коромжулугун кыскартууга, алардын өндүрүшүн көбөйтүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул агроөнөр жай багбанчылык кластеринин алкагында ишке ашырылышы мүмкүн. Агроөнөржай кластерлеринин иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, багбанчылык чарбаларын жогорку адистештирилген (адистештирүү деңгээли 60-70%) катары түзүү керек, аларда мөмө-жемиштерди өндүрүү кеч күздүк жана кышкы сортторду андан ары узак сактоо жана продукциянын негизинен стандарттуу эмес, тез бузулуучу жана аз ташылуучу бөлүгүн өнөр жайлык кайра иштетүү менен айкалышат.
Мөмө-жемиш кластеринин катышуучуларынын ортосундагы өндүрүштүк-экономикалык байланыштарды жөнгө салуу механизми мөмө-жемиш продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу стадияларында бирдей келишимдик негизде түзүлүүгө тийиш.
Тамчылатып сугаруу мөмө-жемиш бактарын (алма, шабдалы, алча жана алмурут) сугаруунун натыйжалуу жолу. Ал мөмө-жемиш бактарынын тамырына суу жеткирип, алардын өсүшү жана өнүгүшү үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылат. Ошондой эле жалбырактардагы жана сабактардагы ашыкча нымдуулукка байланыштуу өсүмдүк ооруларынын тобокелдигин азайтууга жардам берет.
Тамчылатып сугарууну киргизүү.
Тамчылатып сугаруу мөмө-жемиш бактарын жасалма сугаруунун натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет. Ал суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштырууга мүмкүндүк берет, сугаттын натыйжалуулугун жогорулатат жана мөмө-жемиш продукциясынын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатат.
Кыргызстанда тамчылатып сугарууну колдонуу өлкөдөгү мөмө-жемиш өстүрүүнү жана бүтүндөй айыл чарбасын өнүктүрүү жана андан ары жакшыртуу үчүн чоң потенциалга ээ.
Тамчылатып сугаруунун артыкчылыктары:
- сугат сууну 3-10 эсе үнөмдөө;
- мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20-30%га жогорулатуу;
- бир жылдык көчөттөрдүн жакшы өнүгүшү, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жетилишин 10-20 күнгө тездетүү;
- топурактын түшүмдүү катмары жуулуп кетүүсүнө жол берилбейт;
- сугат суусу менен кошо жер семирткичтерди чачуу мүмкүнчүлүгү;
- сол аралыктарда отоо чөптөрдү азайтуу;
- сугарууну жарым автоматташтыруу жана сугатчынын кол эмгегин азайтуу;
- электр энергиясын үнөмдөө (эгер электр насосу колдонулса).
Азыркы учурда республикада тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана пайдаланган чарбалык субъекттердин саны 1004 бирдикти түзөт, тамчылатып сугаруу системасына кошулган жалпы жер аянты 13223 га түзөт.
Ушул Программаны ишке ашыруу мезгилинде тамчылатып сугаруу системасын орнотуучу субъекттердин саны эки эсеге (2100 бирдик) көбөйтүлөт, ал эми тамчылатып сугаруу системасына кошулган жалпы жер аянчы 30,0 миң га чейин көбөйтүлөт.
Мөмө-жемиш продукциясын өндүрүүнүн аймактык жайгашуусу (жайгашкан жери). Региондорду өндүрүштүк адистештирүү мөмө-жемиш продукциясын өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты катары каралат. Илимий изилдөөлөрдүн жана өндүрүштүк зарылдыктын негизинде төмөнкүлөрдү эске алуу менен региондорду адистештирүү аныкталган:
- алардын табигый-климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрү, тарыхый топтолгон өндүрүштүк потенциалын;
- кайра иштетүү жана соода-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн;
- дыйкан (фермердик) чарбалардын, айыл чарба кооперативдеринин, жеке ишкерлердин экономикалык натыйжалуулугун жана алардын өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын;
- жумуш орундарын түзүү жана калктын кирешелери менен байланышкан социалдык-экономикалык факторлорду.
Мөмө-жемиш продукциясын өндүрүүнү адистештирүүнүн негизги багыты болуп мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү региондору боюнча райондорго бөлүштүрүү саналат.
Баткен облусунда өрүк, шабдалы, алча, алма жана жүзүм өстүрүү сунушталат, алар көбүнесе коңшу өлкөлөрдүн, атап айтканда, Тажикстандын, Казакстандын, Россия Федерациясынын базарларына багытталган. Ошондуктан Баткен облусу үчүн биринчи деңгээлдеги өнүгүү башаты болуп жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн экологиялык жактан таза кургатылган жемиштерди өндүрүү саналат.
Баткен облусунда алманын - "Голден Делишес", "Голден Рейндерс", "Гала", "Жеромин", "Фуджи", "Ред Чиф" сортторун; өрүктүн "Микадо", "Исфарак", "Кантек", "Субхонк", "Магадор" сортторун; алчанын "Воловье сердце-3", "Эрли Лорри", "Премьер Джайант" сортторун; шабдалынын "Красная Москва", "Филомена", "Астория", "Смути", "Экстрим", "Джулай", "Фреш Лайт", "Экстрим-460" сортторунун аянтын көбөйтүү керек.
Жалал-Абад облусунда кара өрүктүн келечектүү "Анна Шпет", "Бертон", "Ванета", "Венгерка", "Тулпар", "Ботогоз", "Үркөр", "Топ хит" сортторуна; жаңгактын "Сладкоядерный" сортуна өзгөчө көңүл буруу менен өстүрүү сунушталат.
Ысык-Көл облусунда алманын "Превосходный", "Рашида", "Апорт", "Ранет", "Голден Делишес", "Купер", "Пальмира" сорттору; алмуруттун "Ласточка", "Лесная карсавица", "Основянская", "Бере Арданпон" сорттору; өрүктүн "Королевский", "Никитинский", "Спитак кремовый", "Эффект" сортторун өстүрүү сунушталат.
Ош облусунда алча, шабдалы, анар, жүзүм, курма жана инжирди өстүрүү, өзгөчө алманын келечектүү "Голден Делишес", "Голден Рейндерс", "Гала"; "Жеромин", "Фуджи", "Ред Чиф" сортторуна; өрүктүн "Лрзами", "Исфарак", "Краснощекий", "Курсадык", "Мирсанджели", "Советский", "Субхоны" сортторуна; жаңгактын "Сладкоядерный" сортторуна өзгөчө көңүл буруу менен өстүрүү сунушталат.
Талас облусунда алманын "Рашида", "Апорт", "Ранет", "Голден Делишес", "Купер", "Пальмира" сортторунун; алмуруттун "Лесная красавица", "Любимица Клаппа", "Основянская", "Янтарная", "Бере Арданпон" сортторунун; кара өрүктүн "Ванета", "Венгерка домашняя", "Елена", "Исполинская" сортторунун аянттарын кеңейтүү сунушталат.
Чүй облусунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, жүзүм, алчанын жана шабдалынын "Кордия", "Регина-алча", "Ред хавен", "Флавор топ-персик" сортторун; алманын "Рашида", "Кыргыз кышкы сорту", "Голден Делишес", "Купер", "Пальмира", "Ранет курский" сортторун; алмуруттун "Виктория", "Лесная красавица", "Любимица Клаппа", "Основянская" сортторун; өрүктүн "Королевский", "Краснощекий", "Спитак кремовый", "Эффект"сортторун; кара өрүктүн - "Ванета", "Венгерка домашняя", "Елена" сортторун өстүрүү сунушталат.
6. Финансылык ресурстарды баалоо
Бул Программаны каржылоо булактары болуп "Агроонөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы мамлекеттик бюджет жана 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программанын алкагындагы тикелей мамлекеттик инвестициялар, мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) каражаттары, донордук финансылык жана техникалык жардам, жеке инвестициялар жана товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттары саналат.
Иш-чаралардын бир бөлүгүн аткаруу жергиликтүү бюджеттердин, гранттык жана инвестициялык кредиттик каражаттардын эсебинен колдоого алынат.
Инвестициялык кредиттик каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен консультациялар аркылуу тартылат.
Бул Программаны ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын берүүнүн тартиби жана көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
Ички, ошондой эле тышкы булактардан инвестициялык каражаттарды тартуу боюнча чаралар көрүлөт, мындай чараларды ишке ашыруу финансылык ажырымды кыйла кыскартууга жана кийинки финансылык жылдардын башталышына карата финансылык каражаттардын талап кылынган суммасын толук көлөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Мында кредиттик каражаттарды алуу, ошондой эле потенциалдуу инвесторлор үчүн сапаттуу бизнес-пландарды берүү үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгууда багбанчылык чарбасы, мөмө-жемиш жана жүзүмчүлүк чарбасы менен алектенген субъекттердин потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарыл болот.
Программаны ишке ашыруу үчүн каржылоодогу жалпы керектөө 2237,82 млн. сомду түзөт.
Программаны ишке ашыруу боюнча каржылоодогу мүмкүнчүлүктөр 2174,47 млн. сомду же керектөөнүн 98,1%ын түзөт. 43,35 млн. сом өлчөмүндөгү калган бөлүгү же 1,9% жеке инвестициялардын жана эл аралык донордук уюмдардын эсебинен табылууга тийиш.
Ошентип, чараларды ишке ашыруу Программаны каржылоо үчүн талап кылынган суммаларды жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Программанын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу жана программанын бардык иш-чараларын аткаруу төмөнкү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
- 49,0 миң га асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин кошумча өздөштүрүү, асылдуулугу төмөн жайыт участокторун өздөштүрүүдө бюджетке түшүүлөр көбөйөт;
- мөмө-жемиш продукциясын жана жүзүмдү дүң жыйноону 638,44 миң тоннага чейин көбөйтүү, бул 2023-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп;
- асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин интенсивдүү пайдалануу, эрозиялык процесстерди жана деградацияны азайтуу, асылдуулугу төмөн жерлерди жакшыртуу жердин асылдуулугун жана жалпы айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт;
- кайра иштетүүчү ишканалардын иши үчүн чийки зат базасын түзүү, мөмө-жемиш продукциясынын импортун алмаштыруу;
- айыл чарба кайра иштетүүчү ишканаларды жана кошумча нарк тизмегин өнүктүрүү;
- айыл калкынын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, жаңы жогорку технологиялык жумуш орундарын сактоо жана түзүү;
- айыл калкынын кирешесинин өсүшү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн жашоо сапатынын жогорулашы;
- мөмө-жемиш продукцияларын берүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана кыш-жаз мезгилдеринде калктын мөмө-жемиш продукттарына, жүзүмгө болгон суроо-талабын канааттандыруу;
- республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу;
- экологиялык абалды жакшыртуу жана парник газдарынын деңгээлин азайтуу, мөңгүлөрдүн эришин басаңдатуу, республиканын суу запастарын сактоо жана көбөйтүү.
Болжолдоонун натыйжасында багбанчылыктын импорттук көчөт материалына көз карандылыгынын деңгээли 25%га төмөндөйт, питомниктерге жана багбанчылыкка 2237,8 млн. сомдон кем эмес финансы каражаттары тартылат, багбанчылыктын жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомнигинин селекциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча 15тен кем эмес долбоор (технологиялардын элементтери) иштелип чыкты.
8. Тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар
Республикада мөмө-жемиш жана жүзүм өсүмдүктөрүн өстүрүү, мөмө-жемиш продукциясын өндүрүү жана сатуу төмөнкүдөй тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар менен байланышкан.
Багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү туруктуу өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон тобокелдиктердин, коркунучтардын жана чакырыктардын ичинде - жаратылыштык-климаттык, экономикалык, экологиялык жана форс-мажордук коркунучтар бар.
Багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүдөгү негизги жаратылыш-климаттык коркунучтар болуп абанын температурасынын критикалык мааниден төмөн түшүшү, катуу үшүк, топурактын тоңушу, жылуулуктун эрте келиши, кеч жаз мезгилинде күнгө күйүп калуу эсептелет.
Ошондой эле жаан-чачындын азайышы, суунун аздыгы, кургакчылык багбанчылык жана жүзүмчүлүк продукциясын өндүрүү үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн, ошондой эле багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбалардын жана мөмө-жемиш питомниктеринин чарбалык-финансылык ишине терс таасирин тийгизет.
Негизги экономикалык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар болуп мөмө-жемиш продукцияларын өндүрүүнүн өсүү темпинин жана багбанчылык, жүзүмчүлүк чарбалардын жана мөмө-жемиш питомниктеринин кирешелеринин азайышы, салык, бюджет, бажы-тарифтик, курстук, техникалык жөнгө салуу жана тышкы соода саясатынын чараларын колдонуу, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкты күчөтүү саналат.
Экономикалык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар тышкы жана ички болушу мүмкүн.
Тышкы тобокелдиктерге тышкы экономикалык ишти либералдаштыруу менен шартталган соода-экономикалык чектөөлөрдүн киргизилишин, салыктык, тарифтик, бажы-тарифтик квоталоонун жана экспорттук жана импорттук жеткирүүлөргө чектөөлөрдүн киргизилишин кошууга болот.
Ички тобокелдиктер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- экономикалык кризистин кесепетинен экономиканын агрардык секторундагы экономикалык кырдаалдын туруксуздугу;
- багбанчылык жана жүзүмчүлүк чарбалардын жана мөмө-жемиш питомниктеринин кирешелерине олуттуу өлчөмдө таасир этиши мүмкүн болгон күйүүчү-майлоочу материалдарга, көчөт материалдарына, жер семирткичтерге, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына баалардын өсүшү;
- өндүрүлгөн мөмө-жемиш продукциясынын өздүк наркынын көбөйүшү;
- багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү чөйрөсүндө максаттуу экономикалык жана финансылык мамлекеттик саясаттын жоктугу;
- финансылык каражаттардын (кредиттердин, гранттардын) жана башка дем берүүчү механизмдердин жоктугу;
- кредиттерге жана башка каражаттарга жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү, кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставка.
Негизги экологиялык тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар:
- мөңгүлөрдүн жок болушуна, суу запастарынын азайышына алып келген глобалдык жылуулук, натыйжада багбанчылык жана жүзүм өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөйт, жер кыртышынын деградациясы, жердин суу жапа шамал эрозиясы, кургакчылык, акырында чөлгө айлануу;
- курчап турган чөйрөнүн булганышынын өсүшү, суулардын, жер ресурстарынын абалынын начарлашы, биологиялык түрлөрдүн азайышы;
- республикага гендик-модификацияланган организмдерди жеткирүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү жана жерлердин өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктары жана таштандылары менен булганышы.
Бул тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүнүн азайышына, мөмө-жемиш продукциясын жана аны кайра иштетүү продукттарын өндүрүүнүн көлөмүнүн төмөндөшүнө, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-логистикалык борборлордун кубаттуулугунун жетишсиз пайдаланылышына, мөмө-жемиш продукциясынын экспортунун кыскарышына жана импортунун көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.
Негизги форс-мажордук тобокелдиктер, коркунучтар жана чакырыктар болуп багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизүүчү табигый кырсыктар (жаан-чачындын көп болушу, сел, мөндүр, үшүк) жана техногендик кырсыктар (жер титирөө) эсептелет.
9. Мониторинг жана баалоо
Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруу процессин көзөмөлдөөнүн натыйжалуу инструменти болуп саналат, ал бул Программаны ишке ашыруу планына түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу өз убагында чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Ишке ашыруу этабында ушул Программанын мониторинги жыл сайын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Иш-чаралар планында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт, ал:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ишти уюштуруунун кыйла натыйжалуу формаларын жана тартибин аныктайт;
- артыкчылыктуу багыттарды аныктайт жана каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу боюнча чараларды көрөт;
- Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана сапатын контролдоону камсыздайт.
Иш-чаралар планында каралган милдеттердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аларды ишке ашыруунун прогрессине байкоо жүргүзүүнүн натыйжалуу инструменти болуп калат жана:
- артыкчылыктарды илгерилетүү процессине түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө алардын таасирин баалоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Мониторинг аркылуу Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүлүп турат. Бул баалоонун жүрүшүндө жетишилген пpoгpecc толук талданат, Программанын иш-чараларын аткаруудагы кемчиликтер аныкталат.
Алынган натыйжалардын негизинде Программанын пландарын ишке ашырууда кийинки кадамдар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, эл аралык уюмдар менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, коомдун күтүүлөрүн толук канааттандыруу боюнча чечимдер кабыл алынат.