Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 5-сессиясы
2024-жылдын 13-августундагы № 62
«Агроөнөржай комплексине бөлүнүп берилген жер тилкелерин
трансформациядан өткөрүлгөндөн кийин
пайдалануу багыты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында трансформациядан өткөрүлгөндөн кийин жер тилкелерин кандай багытта колдонуулары жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевдин агроөнөржай комплексине бөлүнгөн жер тилкелерин трансформациядан өткөрүлгөндөн кийин кандай багытта колдонуулары жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2.Бөлүнүп берилген 5гектар өнөржай багытындагы жер тилкесине мөмө жемиштерди сактоочу муздаткыч, кургатуучу сок чыгаруучу цехтер навестери менен, дан сактоочу кампа, тоок фабрикасы 200-даана, уй 50-баш, кой 100 башка ылайыкташтырылган сарайлар, иштеген жумушчуларга үй, тамактануучу жай,мончо, автоунаалар токтоочу жай жер астынан суу сордуруучу станция, электр чубалгылары, трансформатор, өткөрүү тосмосу курулаары эске алынсын.
3.100 гектар жер тилкесине төмөндөгү айыл чарба өсүмдүктөрү, мөмө жемиштери, карагат 0,78 га, малина 0,66 га, крыжовник 0,76 га, абрикос 2,3 га, алма 7 га, баардыгы 11,5 га, калган 88 га жер тилкесине илим билим менен негизделген агротехникалык эрежелери колдонуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө которуштуруп айдоо ыкмасын колдонуп, уй, койлорго тоют үчүн 40 га көп жылдык чөп, 20 га дан, 20 га арпа, 8 га картошка өндүрүүлө тургандыгы эске алынсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кенештин агрардык маселелер боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Иманбаевге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева