Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 19-сентябры № 557-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 26-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууга ылайык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашууга жетишти:
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин муктаждыктарына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү долбоорлор боюнча Тараптардын ортосунда келечектеги келишимдерди ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 200 миллион кытай юанын кайтарымсыз жардам катары берет. Конкреттүү маселелер Тараптар кошумча кол коё турган Макулдашууларда каралат.
2-берене.
Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен "Элдик Банк" ачык акционердик коому өз ара экинчи Тараптын атынан кытай юаны менен берилүүчү грант № 2024/1 гранттык эсебин ачышат, ал пайызсыз жана жыйымсыз иштейт. Гранттык каражаттарды пайдаланууда эсептерди жүргүзүү тартиби Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын операциялар эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Банктар көрсөтүлгөн эсептердеги каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды Тараптарга үзгүлтүксүз жөнөтүп турушат.
3-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптар ушул Макулдашуудан келип чыккан бардык милдеттенмелерди аткарганга чейин колдонулат.
Ушул Макулдашууга 2024-жылдын 19-сентябрында Пекин шаарында кол коюлду, ал эки нускадан турат, Тараптардын ар бири үчүн бирден нуска, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |
__________________________________________ |
| __________________________________________ |