РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ сессиясы
(VI чакырылыш)
2023-жылдын 25-декабры № 4
Раззаков шаарынын аймагында спирт ичимдиктерин сатууга чек коюу жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын аймагында спирт ичимдиктерин сатууга чек коюу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” №60 Мыйзамынын 4-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын аймагында ар кандай кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу үчүн кечки 20:00 дөн 08:00гө чейинки аралыкта спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
2. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөну аткарууга алуу жагы Раззаков шаарынын мэриясына жуктөлсүн жана көзөмөлдөө жагы Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |