Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ сессиясы
(VI чакырылыш)
2023-жылдын 25-декабры № 6
Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жыл ичинде аткаруу үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Раззаков шаардык кеңешинин 2024-жыл ичинде аткаруу үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө ылайык сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык кеңешинин 2024-жыл ичинде аткаруу үчүн түзүлгөн иш планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык кеңештин аппаратына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |