АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
2024-жылынын 03-июлу №9/19
“Айры-Там айыл аймагынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору жана 2026-2027-жылдарга карата божомолдору жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору жана 2026-2027-жылдарга карата божомолдору жөнүндө, Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
- Айры-Там айыл аймагынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети 62828,9 (алтымыш эки миллион сегиз жүз жыйырма сегиз миң тогүз жүз) сом, атайын каражаты 1700,0 (бир миллион жети жүз миң) сом, жалпы 63128,9 (алтымыш үч миллион бир жүз жыйырма сегиз миң тогуз жүз)сом деп, 2026-жылга жергиликтүү бюджети 65127,9 (алтымыш беш миллион бир жүз жыйырма жети мин тогуз жүз)сом, атайын каражаты 1800,0 (бир миллион сегиз жүз миң) сом, жалпы 65527,9 (алтымыш беш миллион беш жүз жыйырма жети миң тогуз жүз)сом, 2027-жылга жергиликтүү бюджети 65538,9 (алтымыш беш миллион беш жүз отуз сегиз мин тогуз жүз) сом атайын каражаты 1850,0 (бир миллион сегиз жүз элүү мин) сом жалпы 65888,9 ( алтымыш беш миллион сегиз жүз сексен сегиз мин тогуз жүз) сом деп божомолдору кабыл алынсын;
- Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге, ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |