Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
2024-жылынын 03-июлу №9/20
“Айры-Там айыл аймагындагы Ынтымак көпүрөсүн капиталдык ремонттоо жана ага чейинки унаа жолун асфольтоо долбоору жөнүндө”
Айыл аймагында социалдык-экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө Ынтымак айылынын көпүрөсүн капиталдык ремонттоо жана ага чейинки унаа жолун асфольтоо боюнча, Айры-Там айыл аймагынын башчысы М.Шербаевдин жана айылдык кеңештин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. Ынтымак көпүрөсүн капиталдык ремонттоо жана ага чейинки унаа жолун асфольтоодо, “Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте социалдык пакеттер рамкасында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 2400 000(эки миллион төрт жүз миң) сом акча каражаты долбоорду кош каржылоо үчүн ажыратылып берилсин;
2. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге, ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |