Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
2024-жылынын 03-июлу №9/21
“Айыл чарба коммерциялык кооперативдерин колдоо жөнүндө”
“Максат-Арзуу” айыл чарба коммерциялык кооперативинин элге кызмат кылуучу айыл чарба техникасын сатып алууда, кош каржылоо көрсөтүү боюнча Айры-Там айыл аймагынын башчысы М.Шербаевдин жана бул маселе боюнча бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. “Максат-Арзуу” айыл чарба коммерциялык кооперативине АРИСтин ПОДР программасынын алкагында, элге кызмат көрсөтүүчү атайын техника сатып алуу долбоорун кош каржылоо үчүн 300 000(үч жүз миң) сом акча каражаты социалдык пакеттер алкагында ажыратылып берилсин;
2. Жергиликтүү бюджет жана атайын каражат эсебиндеги акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Айры-Там айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |