АК-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 17/2
Ак-Тал айыл аймагынын сугат сууну бөлүштүрүп берүү жана тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын сугат суунун тарифтерин 2023- жылы элдик жыйында талкууланып, жыйындын протоколунун негизинде Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Сугат суунун аксы гектарына100 сом болуп белгиленсин.
2. Ак-Тал айыл аймагында сугат суусун бөлүштүрүп берүү үчүн мурап дайындалсын.
3. Ак-Тал айыл аймагынын 2023-жылга сугат сууну бөлүштүрүп берүү үчүн мураптын акысы 50 сом болуп бекитилсин.
4. Шайланган мурапка сугат суусун бөлүштүрүп берүү жагы келишимдин негизинде тейлөө иштери жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Тал айыл аймыгындагы сугат суунун мурабы Сулайманов Уларбекке милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Абышбаевга тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрагасы: | Д.Алыбаев |