Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
2024-жылынын 03-июлу №9/24
“Ички чарбалык ирригациялык каналдар жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52-токтомунун 6-пунктуна ылайык Сумсар-Сай суу пайдалануучулар ассоциациясынын(СПА) балансында турган жалпы ички чарбалык каналдарды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин, Сумсар-Сай СПАнын жетекчиси А.Тойчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. Сумсар-Сай суу пайдалануучулар ассоциациясынын(СПА) балансында турган жалпы ички чарбалык канал анын ичинде 15км жер арык, 30км лоток канал, ГТК 20 даана толугу менен Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин;
2. Айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жагы СПА жетекчиси А.Тойчиевге милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер СПА. суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |