Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIХ сессиясы

(VI чакырылыш)

2023-жылдын 25-декабры № 7

Раззаков шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 29-июнундагы №2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Раззаков шаардык кеңешинин 2021-жылдын 29-июнундагы “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясын бекитүү жөнүндө” №2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын курамынан депутат Б.Б.Айтемиров чыгарылсын жана анын ордуна депутат Кузиев Олимжон Умаралиевич комиссиянын курамына киргизилсин.

 

2.  Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Б.Айтемиров