Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-сентябры № 588-т
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Италия Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Италия Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Италия Республикасынын Юстиция министрлиги,
юстиция органдарынын ортосунда өз ара кызыкчылыкты билдирген маселелер боюнча эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү ниетин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташуунун укуктук алкактары
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана алар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык Тараптардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
2-берене. Кызматташуу объекттери
Эки тарап тең төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташууга даяр экендигин билдирет:
1) улуттук мыйзамдар, ошондой эле эки өлкөнүн укуктук системалары жөнүндө маалымат алмашуу;
2) юстицияны модернизациялоо жана санариптештирүү боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу;
3) юстиция системасында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жаатында кызматташуу;
4) эл аралык стандарттарга ылайык пенитенциардык системаны модернизациялоо, пробациянын формалары жана методдору боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу;
5) медиация жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
6) өз ара кызыкчылыкты билдирген башка тармактарда кызматташуу;
7) укук жана юстиция жаатындагы биргелешкен билим берүү жана изилдөө долбоорлору.
3-берене. Кызматташуу механизми
Тараптар ортосундагы кызматташуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
- жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштуруу;
- тажрыйбаны үйрөнүү жана билимдерди берүү үчүн делегацияларды жана эксперттерди алмашуу;
- конкреттүү милдеттерди жана долбоорлорду чечүү үчүн жумушчу топторду түзүү;
- Тараптардын өз ара макулдугунун негизинде кызматташуунун башка формалары.
4-берене. Суроо-талаптарда колдонулуучу тил
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну жүзөгө ашырууда англис тилин же макулдашуу боюнча башка тилди колдонот.
5-берене. Купуялуулук
Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, эки Тарап тең кызматташуунун жүрүшүндө алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттенет.
6-берене. Чыгымдар
Тараптардын макулдашуусу боюнча башка чечим кабыл алынган учурларды кошпогондо, Тараптардын ар бири ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан өз чыгымдарын жабат.
Ушул Макулдашуунун алкагында делегациялардын жана эксперттердин келүүсү менен байланышкан чыгымдарды жөнөтүүчү Тарап тартат.
7-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонуу маселелери боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай пикир келишпестиктер Тараптын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
8-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгы жөнүндө италиялык Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу кыргыз Тарап алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдын ичинде жарактуу, эгерде Тараптардын бири дагы анын колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу анын колдонулушун токтотуунун болжолдуу датасына чейин же мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кем эмес убакытта башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтпөсө, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү менен токтото алат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын бири экинчи Тараптын тиешелүү билдирүүсүн алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.
202___ __________ ______________ шаарында эки түп нускада, ар бири италия, кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюлган, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кандайдыр бир пикир келишпестик келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн |
| Италия Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн |
___________________________________ |
| ___________________________________ |