Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
2024-жылынын 03-июлу №9/25
“Ички чарбалык ирригациялык каналдарды “Жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасына оперативдүү өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө ” №52-токтомунун 6-пунктуна ылайык, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган жалпы ички чарбалык каналдарды айыл өкмөтүнүн “Жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө, М.Шербаевдин жана бул маселе боюнча айылдык кеңештин агрардык маселелери, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн балансында турган жалпы ички чарбалык ирригациялык каналдар “Жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасына оперативдүү башкаруусуна өткөрүлсүн;
2. Алма-Бел айылындагы жалпысынан 2,5км(250 м латковый канал, 250 м бетон арык, 2км жер арык ) узундуктагы латок каналдары, жер арыктары “Жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын балансына киргизилсин;
3. Чарбачылык мезгили ортолоп калгандыгына байланыштуу, суугат сезонун үзгүлтүккө учуратпоо максатында 2024-жылдын аягына чейин 45 км болгон ички чарбалык каналдар суу пайдалануучулар ассоциациясынын көзөмөлүндө калтырылсын;
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер , суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |