Редакцияот 03.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  IX сессиясынын

 

2024-жылынын 03-июлу №9/26

 

“Комиссия курамын түзүү жөнүндө”

 

          Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтому менен таанышып чыгып, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун 3.1 пунктундагы муниципалдык менчиктеги, суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларды тактоо жана аныктоо боюнча жумушчу комиссиясы төмөнкү курамда түзүлсүн;

 

М.Шербаев -айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, жумушчу

комиссиясынын башчысы;

П.Мараимбеков -“Жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын

жетекчиси, комиссиянын башчысынын орун басары;

А.Уметалыев -айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары-жооптуу катчы,

жумушчу комиссиясынын катчысы;

 

Мүчөлөрү:

 

А.Тойчиев - Сумсар-Сай суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси;

А.Бөрүкулов -Ала-Бука суу чарба башкармалыгынын Айры-Там айылы

боюнча инспектору;

 А.Кожонов -айылдык кеңештин депутаты агрардык маселелер боюнча

туруктуу комиссиясынын төрагасы;

К.Миңбаев -айылдык кеңештин депутаты;

Ю.Кутманов -айылдык кеңештин депутаты;

А.Нурматов -айылдык кенештин депутаты;

 

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев