Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-октябры № 617
2024-жылдын 24-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 19-ноябрындагы Биргелешкен улуттук телемедициналык системаларды түзүүдө жана аларды андан ары өнүктүрүүдө жана пайдаланууда КМШга катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 24-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 19-ноябрындагы Биргелешкен улуттук телемедициналык системаларды түзүүдө жана аларды андан ары өнүктүрүүдө жана пайдаланууда КМШга катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 81 (3635) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |