Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын
2024-жылынын 03-июлу №9/28
“Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын чек ара заставасына аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу жана курал колдонуудагы чеберчилигин өркүндөтүү максатында, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылынын Ачы-Сай участкасынан жер аянтын 2030 аскер бөлүмүнүн “Май” чек ара застсвасына берүү жөнүндө, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз IX сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Совет-Сай айылынын Ачы-Сай участкасынан ок атууга пайдалануу үчүн кумдуу, таштак пайдаланылбай жаткан жер, “Май” чек ара заставасына мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
2. Жер аянтын чек ара заставасына мөөнөтсүз берүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын;
3. Берилген жер аянтын мыйзамдаштыруу, тийиштүү мекемелерден каттоодон өткөрүү жагы “Май” чек ара заставасынын башчысына милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |