Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 01-5/179
Мэриянын имаратынын сырткы төрт бетки
көрүнүшүн ремонттоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын сырткы төрт бетки көрүнүшүн жана имараттын жер төлөөсүндө жайгашкан жыйындар залын азыркы күндүн талабына жооп бере тургандай капиталдык ремонттон өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мэриянын имаратынын сырткы төрт бетки тарабын жана имараттын жертөлөөсүндөгү жыйындар залын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Мэриянын сырткы төрт бетки көрүнүшүн жана имараттын жертөлөөсүндө жайгашкан жыйындар залын азыркы күндүн талабына жооп бере тургандай капиталдык ремонттон өткөрүү жумуштарын 2023-жылдын иш-планына киргизилсин жана аткарууга алышсын.
3. Мэриянын имаратынын сырткы төрт бетки тарабын жана имараттын жертөлөөсүндөгү жыйындар залын капиталдык ремонттон өткөрүүгө жумшалуучу акча каражатын жергиликтүү бюджеттен ажыратып камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.А.Абдуразаков |