АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №10/29
“Таза суу линиясын тартуу жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын Ажек жана Жаңы-Шаар айылдарына таза суу линиясын тартуу боюнча Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз X сессиясы токтом кылат:
1. Ажек, Жаңы-Шаар айылдарына таза суу линиясын тартууда кошумча жумуш аткаруу үчүн 300 000(үч жүз миң) сом акча каражаты “Чапчыма Голд” жоопкерчилиги чектелген коомунан суралсын;
2. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |