Редакцияот 30/10/2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 30-октябры № 01-5/177

 

Жолдорду кеңейтүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, Кочкор-Ата шаарынын Октябрь көчөсүнөн «Бишкек-Ош» жолуна чыгуучу авто жолунун Луговая көчөсүнүн № 30чу төрт кабаттуу үйдүн жанынан өткөн жолдун бөлүгү таар болуп калгандыгына байланыштуу, жолду кеңейтүү максатында аты аталган төрт кабаттуу үйдө жайгашкан кыз-келиндер «Ыйман Нуру» медресесине таандык жер аянтынан жер бөлүп бергендиктен, медресенин пескоблок менен курулган заборун бузуп кайрадан калыбына келтирүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат сураган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кочкор-Ата шаарынын мэринин кайрылуусу эске алынсын.

 

2. Кочкор-Ата шаарынын Октябрь көчөсүнөн «Бишкек-Ош» жолуна чыгуучу авто жолунун Луговая көчөсүнүн № 30чу төрт кабаттуу үйдүн жанынан өткөн бөлүгүн кеңейтүү иштери 2023-жылдын иш-планына киргизилсин.

 

3. Медресенин пескоблок менен курулган заборун бузуп кайра калыбына келтирүүгө сарпталуучу акча каражатты, түзүлгөн сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Н.А.Абдуразаков