КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-октябры № 01-5/175
9 айлык отчету угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Жергиликтүү бюджеттин, социалдык-экономикалык программалардын жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы боюнча шаардын мэринин 9 айлык отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджеттин, социалдык-экономикалык программалардын жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы боюнча шаардын мэринин 9 айлык отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.А.Абдуразаков |