Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2024-жылынын 06-августу №10/30
“Айры-Там - Жаңы-Шаар унаа жолдорун асфальтоо жөнүндө”
Айры-Там - Жаңы-Шаар унаа жолдорун асфальтоо жана Жаңы-Шаар айылындагы көпүрөнү капиталдык ремонттоо боюнча Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз X сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там - Жаңы-Шаар унаа жолдорун асфальтоо жана Жаңы-Шаар айылындагы көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2450 000(эки миллион төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты КФ ОАО ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунан суралсын;
2. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |