Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин

(алтынчы шайлаган) 03.08.2021-ж

кезектеги II-сессиясынын №2/1

токому менен бекитилген

 

«Сары-Колот айылдык кеңешинин»

 

Типтүү Регламенти

 

I. Жалпы жоболор.

«Сары-Колот айылдык аймагынын айылдык кеңеши» Мекемеси (мындан ары- Айылдык кеңеши)-Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кенештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

 

Айылдык кеңеши өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзөт.

 

1.1. Айылдык кеңеши юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөөрү жана штампы болот.

 

Айылдык кеңештин Регламенти, айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.

 

1.2. Айылдык кеңешитин толук аталышы:

 

Мамлекеттик тилде: «Сары-Колот айылдык кеңеши».

 

Расмий тилде: Учреждение «Сары-Колотская сельская кенеш».

 

1.3. Айылдык кеңешиинин дареги: Кыргыз Республикасынын Ош облусу Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагы, Сары-Колот айылы.

 

II. Айылдык кеңешитин компетенциясы.

2.1. Айылдык Кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат:

 

- Социалдык экономикалык өнүктүрүүн жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;

 

- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;

 

- Кеңештин Регламентин кабыл алуу;

 

- Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;

 

- Айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кенештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;

 

- Айылдык кеңешитин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу;

 

2.2. Пункттун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөрүлөт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.

 

III. Айылдык кеңешитин биринчи сессиясы.

 

3.1. Айылдык кеңешитин биринчи сессиясы мурда шайланган кенештин төрагасы же депутаттардан түзүлгөн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кенештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңешитин биринчи сессиясын жашы боюнча эң улуу депутат ачат.

 

3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан көбү сессияга катышкан учурда айылдык кеңешитин сессиясы өз ишин баштоого укуктуу.

 

3.3. Айылдык кеңеши кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кенештин регламентин, төрагасын, орун басарын шайлоо, жаңы кеңешитин структурасын түзүү жана кеңештин ишине тиешелγγ зарыл маселелер талкууга коюлат.

 

3.4. Төраганы шайлоо айылдык кеңешитин депутаттарынын жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.

 

3.5. Төраганын орун басары айылдык кеңештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.

 

IV. Жашыруун добуш берγγнγ уюштуруу тартиби.

 

4.1. Айылдык кеңештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.

 

4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт (төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.

 

4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептоо комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.

 

4.4. Айылдык кенештин төрагсына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.

 

4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздүк документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.

 

4.6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллетендер» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.

 

4.7. Айылдык кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кеңештин төрагасы болуп төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

 

4.8. Тѳраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.

 

4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык Кенештин депутаты төраганын орун басары болуп шайланат.

 

4.10. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен төрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

 

4.11. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.

 

V. Айылдык кеңештин сессиясы.

 

5.1. Кеңештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

 

5.2. Кеңештин тѳрагасы сессия ѳткѳрγлѳ турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу үч күндөн кечиктирбей кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, кеңештин депутаттарына бир күндөн кечиктирбей таратылат.

 

5.3. Кенештин кезексиз сессиясы кеңештин төрагасы, кеңештин туруктуу комиссиялары же кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бѳлγгγнγн сунушу менен чакырылат.

 

5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу кеңештин төрагасына берилет.

 

5.5. Иш план боюнча Кенештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.

 

5.6. Кенештин чечими же кеңештин төрагасынын буйругу менен кенештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.

 

5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) сессия болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кеңештин катчысына жазуу түрүндө берилиш керек.

 

5.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.

 

5.9. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.

 

5.10. Айылдык кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

 

5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кирүүсү үчүн баардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.

 

VI. Айылдык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.

 

6.1. Айылдык кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдардын секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептө комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.

 

6.2. Сессиянын секретариаты айылдык кеңештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт. Сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмө берет.

 

6.3. Секретариат айылдык кеңештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.

 

VII. Сессиянын күн тартиби жана иштѳѳ тартиби.

 

7.1. Сессиянын кγн тартиби жана иштөө тартиби айылдык кеңештин тѳрагасы тарабынан сунушталат.

 

7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.

 

7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.

 

VIII. Айылдык кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.

 

10.1. Кеңештин сессиясын чакырат жана төрагалык кылат. Кенештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коет, аларга көзөмөлдүк кылат.

 

10.2. Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.

 

10.3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жогорку органдарга расмий отүнүч жасайт.

 

10.4. Кеңештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.

 

10.5. Кеңештин протоколуна, токтомдоруна жана башка документтерине кол коет.

 

10.6. Кеңештин тѳрагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.

 

10.7. Айыл өкмөтүнүн орун басары, ФЭБ башчысы, айылдык кеңештин катчысы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга, айыл өкмөт башчысына сунуш кылууга укуктуу. Кызматка алуу жагы «Муниципиалдык кызмат жѳнγндѳ» мыйзамга ылайык, айылдык кенештин төрагасынын макулдугу менен жүргүзөт.

 

10.8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде кеңешке жγктѳлгѳн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.

 

10.9. Айылдык кеңештин тѳрагасы, өзүнүн милдетин кезектеги мѳѳнѳткѳ жаңыдан чакырылган кеңештин биринчи сессиясына чейин аткарат.

 

  ХI. Айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары.

 

11.1. Тѳраганын орун басары кеңештин тѳрагасы жок болуп калган жана төрага ѳз функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда кеңештин төрагасынын милдетин аткарат.

 

11.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн милдетин коомдук башталышта аткарат.

 

 ХII. Кеңештин катчысы.

 

12.1 Айылдык кеңештин катчысы.

 

12.2. Кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.

 

12.3. Айылдык кенештин катчысы айылдык Кеңешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.

 

12.4. Жарандардын айылдык кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.

 

12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.

 

12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.

 

12.7. Кеңешке тγшкѳн документтердин эсебин жүргүзөт.

 

12.8. Кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт, аны депутаттарга таркатат.

 

12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.

 

12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.

 

12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.

 

12.12. Айылдык кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.

 

ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.

 

13.1. Жергиликтγγ кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.

 

Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

 

Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтγγ кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кенештин төрагасы жана орун басары шайланышы мумкун эмес.

 

Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алат.

 

Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.

 

Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотушу мүмкүн.

 

Жергиликтуу кенештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кенештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.

 

Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.

 

Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

 

Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.

 

13.2. Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары:

 

- кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.

 

- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизет.

 

- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарлышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кенешке киргизет.

 

- жергиликтүү кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.

 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кенештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

 

Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.

 

13.3. Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.

 

Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кенеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.

 

Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кенештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.

 

Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.

 

 

     ХIV. Убактылуу комиссиялар.

 

14.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүүсү мүмкүн.

 

14.2. Убактылуу комиссия берилген мөөнөттүү сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.

 

14.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.

 

14.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлөт.

 

 ХV. Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы. 

 

15.1. Кеңештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кенештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эн башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.

 

15.2. Кенеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттүү.

 

ХVI. Жергиликтγγ кеңештин сандык курамы.

 

16.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негизинде 21 депутатты түзөт.

 

 ХVII. Депутаттык мандат.

 

17.1 Депутаттык мандат тѳш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.

 

17.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жүргүзүлөт.

 

 ХVIII. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнун жана жоюнун тартиби.

 

18.1. Депутаттар тарабынан Регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.

 

Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.

 

18.2. Айылдык кеңештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кенештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 

18.3. Айылдык кеңештин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ишмердγγлγгγн токтотот.