Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 522
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл аймагынын тургундарын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 7-декабрындагы № 01-18/3648 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 29 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында, анын ичинде төмөнкү контурларда жайгашкан жалпы аянты 23,4 га жер жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын):
- № 76 (0,40 га), № 78 (2,70 га), № 83 (1,0 га), № 71 (2,7 га), № 75 (1,90 га), № 82 (0,70 га) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы 9,40 га кайрак айдоо;
- № 63 (1,80 га), № 69 (4,30 га), № 70 (0,80 га), № 72 (1,20 га), № 77 (0,50 га), № 79 (0,40 га), № 80 (2,7 га), № 84 (2,30 га) жалпы 14,0 га жайыт.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен региондун инфраструктурасын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн уюштурууну;
- көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |