Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 9-октябры ПЖ № 288
Ысык-Көл облусунун аймагында "Асман экологиялык таза шаары" пилоттук долбоорун куруу концепциясынын негизги багыттары жөнүндө
Ысык-Көл ойдуңу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ден соолукту чыңдоочу эс алуунун, туризмдин, спорттун жана маданияттын негизги борборлорунун бири жана Кыргызстандын визиттик карточкасы болууга бардык потенциалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ысык-Көл күчтүү шаар түзүүчү, демек шаар калыптандыруучу фактор, бакубатчылыктын жана инвестицияларды тартуунун жаңыланып туруучу булагы болуп саналат.
Жогоруда аталган потенциалдык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу максатында Кыргызстандын бермети - Ысык-Көлдүн жээгинде инновациялык Асман экологиялык таза шаарынын курулушу башталды, ал бүткүл дүйнө жүзүнөн туристтерди тартат, өлкөбүздүн туристтик жана инвестициялык потенциалын андан ары жогорулатууга жол ачат.
Албетте, Асман шаарын курууда башкы милдет "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын экологиялык коопсуздугун камсыздоо, көлгө жанаша аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасынын өнүгүшүн контролдоону камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Экологиялык ("жашыл") шаар куруу, айрыкча акылдуу шаарды долбоорлоо өтө кылдат пландоону, эксперттик жана координациялык аспекттерди талап кылган татаал технологиялык процесс болуп саналат. "Жашыл" курулуш жана шаарды пландоо бөлүгүндө алдынкы тажрыйбаларды жана стандарттарды киргизүү айлана-чөйрөгө минималдуу таасир этүүгө жетишүүнү, экологиялык жактан таза курулуш материалдарын жана технологияларды пайдаланууну, энергиянын кайра жаралуу булактарын интеграциялоону жана таштандыларды утилдештирүүнүн туруктуу системасын камсыз кылууну камтыйт. Мыкты дизайнды иштеп чыгууну жана ландшафттык пландоододогу башка көптөгөн экологиялык жана инновациялык маселелерди эске алуу керек.
Көп кабаттуу турак-жайды курууда негизги басым энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, акылдуу үй технологияларын колдонууга жасалат. Көмүр суутектүү отун менен жүрүүчү автомобиль транспортунун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин төмөндөтүү зарыл.
Биздин милдет - өлкөбүздүн башка региондору үчүн үлгү болуучу жана Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгын - анын жаратылышын жана айлана-чөйрөнү сактоого өбөлгө түзүүчү экологиялык жактан таза, акылдуу жана энергетикалык натыйжалуу шаарды куруу.
"Асман экологиялык таза шаары" пилоттук долбоорун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн түшүнүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Ысык-Көл облусунун аймагында Асман экологиялык таза шаарын куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, башка мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдети деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 1-мартына чейин Асман экологиялык таза шаарын куруу концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин, анын ичинде төмөнкү негизги багыттарды карасын:
- шаарды долбоорлоодо жана курууда айлана-чөйрөнү коргоону илимий жактан камсыздоо, илимий мекемелер тарабынан мамлекеттик заказ боюнча бюджеттик программалар жана гранттар, анын ичинде эл аралык гранттар жана программалар аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- айлана-чөйрө объекттерин (жер, суу, аба, жер казынасы, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү) сактоо жана коргоону камсыз кылуу;
- шаарды долбоорлоодо жана курууда айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына терс таасирин төмөндөтүүчү, ошол эле учурда жөө адамдардын жана велосипед жолдорун кеңири пайдаланууну караган инновациялык технологияларды киргизүү;
- айлана-чөйрөгө жана калкка эң аз экологиялык коркунуч келтирген курулуш материалдарын, продукцияларды, өндүрүштүк жана башка объекттерди артыкчылыктуу пайдалануу;
- имараттарды жана үйлөрдү курууда энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, акылдуу үй технологияларын колдонуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын, санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышын, шаарды курууда айлана-чөйрөгө экологиялык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- шаардын аймагында айлана-чөйрө объекттерин сарамжалдуу пайдаланууну жана биологиялык ресурстарды кайра өндүрүүнү камсыз кылуу;
- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан белгиленген шаарларды жашылдандыруунун экологиялык нормативин, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде (КЧжЭ) каралган бак-дарактардын композициясынын негизги элементтерин киргизүү менен жалпы аянттын пайыздык катышында шаардын жашылдандырылышын сактоо;
- шаардын экономикасын экологиялаштыруу, жаратылышты пайдалануунун экономикалык механизмдерин киргизүү;
- экологиялык коопсуздукту эске алуу менен калдыктар менен иштөө системасын өркүндөтүү, уулуу химиялык жана радиоактивдүү заттарды экологиялык жактан коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу;
- өзүнүн керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон жана өзүнүн курамында кооптуу заттарды (сымап термометрлер, батарейкалар, сымап камтылган лампалар жана башкалар) камтыган товарларды чогултуу, пайдалануу жана/же зыянсыздандыруу системасын уюштуруу;
- медициналык калдыктарды чогултуу, зыянсыздандыруу, утилдештирүү жана көмүү системасын уюштуруу;
- электр транспортун өнүктүрүү, заряддоо инфраструктурасын түзүү, шаарда көмүр суутектүү (бензин, дизелдик отун, газ) транспортту пайдаланууга тыюу салуу жана электр транспортун гана (электромобилдер, электробустар жана электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү транспорттун башка түрлөрү) пайдалануу;
- шаардын калкынын мобилдүүлүгүн камсыз кылуу каражаты катары велосипеддерди активдүү пайдалануу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- экологиялык маданиятты калыптандыруу, жарандык коомдун институттарын тартуу менен калкка үзгүлтүксүз экологиялык билим берүүнүн комплекстүү системасын түзүү, калктын айлана-чөйрө маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуусу;
- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаарды курууда айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга кошумча тышкы инвестицияларды тартуу.
3. Асман экологиялык таза шаарын куруу концепциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан үч жылдык мөөнөткө өзүнчө бекитилген "жол карталарынын" негизинде шаарды куруунун жетишилген жыйынтыктарына жараша этап-этабы менен ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 79 (3633) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| С.Н. Жапаров |