АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын
2024-жылынын 19-августу №11/31
“Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2024-жыл үчүн план тапшырмаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда бекитилген планында патент салыгы көрсөтүлгөн, азыркы күндө контролдук кассалык машина(ККМ) аппаратын колдонуп, жергиликтүү ишкерлердин бардыгы бирдиктүү салык режимине өтүп кеткендигине байланыштуу, ыктыярдуу патент салыгын төлөбөй жаткандыгы тууралуу, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
- Ыктыярдуу патент салыгы үчүн 2024-жылга 370 000(үч жүз жетимиш миң) сом планга коюлуп калгандыктан ыктыярдуу патент салыгын 51 000(элүү бир миң) сомго түшүрүп берүү жагы суралсын;
- Киреше салыгы 2024-жылдын планында 41 335 000(кырк бир миллион үч жүз отуз беш миң) сомго бекитилип, бирок “Уңкүр-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 28-июнундагы “2021-жылдын 18-январындагы №13/12-2020 сандуу келишимди бузуу” тууралуу келишиминин негизинде киреше салыгы жетпей калгандыгынан, киреше салыгын 35 000 000(отуз беш миллион) сомго түшүрүп берүү жагы каралсын;
- Физикалык жактардын транспорт салыгы 2024-жылдын планында 930 000(тогуз жүз отуз миң) сом көрсөтүлгөн, бирок infosistems (инфосистема) программасы киргендигине байланыштуу, төлөнгөн салыктар автоунаа ээлери катталган аймактарга түшүп калгандыктан, физикалык жактардын транспорт салыгын 800 000 (сегиз жүз миң) сомго кыскартып берүү жагы суралсын;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |