КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги ХХ1Х-сессиясы
2023-жылдын 24-мартындагы № 29/3
Көк-Жаңгак шаарынын КМДнин 16.03.2023ж. №01-06/9 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын коммуналдык менчик департаментинин кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясыныв 17.03.2023 жылдагы №9 протоколунун негизинде карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VIII-чакырылыштагы) кезектеги XXIХ-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 03.03.2022ж. 14/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү менен мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер аянттарына менчик же ижара укугун берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Мамытов О. - Көк-Жаңгак шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
Мамашов А.- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты, тең төрага;
Мүчөлөрү:
Мамасадыков Ж.- Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жарандык коргонуу боюнча башкы адис;
Камбаров Ж.- Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын өнөр жай, курулуш жана коммуналдык менчик боюнча башкы адиси;
Талипов Р. - Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын жер боюнча жетектөөчү адиси;
Эргашев Ж. – Коммуналдык менчик департаментинин жетектөөчу адисинин м.а.;
Дубанаев У. - Көк-Жаңгак шаарынын тургуну;
Матаева К.- Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты;
Омошев Р. - Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаты.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
|
Байдавлетов З. |