Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын
2024-жылынын 19-августу №11/33
“Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375- токтому менен бекитилген, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна, ылайык Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын курамына, алардын саны участкалык шайлоо комиссиялары боюнча мүчөлөрүнүн санынан ашпаган талапкерлерге ылайык киргизилсин;(тиркемеге ылайык)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлеринен резерв түзулсүн;(тиркемеге ылайык)
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |