Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын
2024-жылынын 19-августу №11/34
“Совет-Сай таза суу ишканасына субсидия бөлүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамын жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Совет-Сай таза суу ишканасынын жетекчисинин билдүүрүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз XII сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Шаар , Ажек, Айры-Там айылдарына таза суу линияларын тартуу, таза суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында Совет-Сай таза суу ишканасына 930 000(тогуз жүз отуз миң) сом акча каражаты атайын каражаттар эсебинен субсидия катары бөлүнүп берилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |