АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №11/35
“Көчөлөргө ат коюу жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагындагы Ажек айылындагы мурдагы ЛПП көчөсүнө Жибек-Жолу деп атоо боюнча сунушту колго салуу жөнүндө, Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
- Ажек айылындагы мурдагы ЛПП көчөсүн, Жибек-Жолу көчөсү деп атоо сунушу колго алынсын;
- Имараттардын аталыштары, өзгөртүлгөн аталыштарды жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ат ыйгаруу жаатындагы чечимдер, Айры-Там айылдык Кеңешинин сессиясынын чечими менен, Ат коюу боюнча ЖОБОнун 8,9,10,11- беренелериндеги шарттардын негизиндн аткарылсын;
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн;
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |