Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №12/35
“Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын бюджеттик каражаттына өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагынын бюджеттик каражатынын 2024-жылдын башында турак жай коммуналдык бөлүмүнө бекитилген машина жана жабдуу 3112 статьясынан 2675,0 (эки миллион алты жүз жетимиш беш)сом, 2214 транспорттук кызмат статьясынан 1000,0(бир миллион) сом акча каражаты кыскартылып, 2222 жабдуу жана инвентарь алуу статьясына 800,0 (сегиз жүз миң)сом, субсидия статьясына 930,0 (тогуз жүз отуз мин ) сом ,2215 ар түрдүү чыгым статьясына 945,0(тогуз жүз кырк беш мин) сом,утурумдук ремонт статьясына 1000,0(бир миллион) сом, жалпы 3675,0 (үч миллион алты жүз жетимиш беш) сом акча каражаты кошулсун;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |