Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-августу № 490
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 "Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын жана тендөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 54-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 "Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибинде:
- 11, 11-1-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир район (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) боюнча теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн формула боюнча эсептейт жана ага кошумча 1,10 чегинде түзөтүүчү коэффициентти белгилейт.
11-1. Аймактык бөлүмдөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча теңдөөчү трансферттерди формула боюнча эсептейт жана ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн өз алдынча бөлүштүрөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |