Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 7-октябры ПЖ № 285
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамын, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасын, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана эскизин жана күбөлүгүнүн сыпаттамасын бекитүү жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүн, 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктун, 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык мүнөздөмөлөрү 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисине күбөлүктүн сыпаттамасы 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 79 (3633) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| 1-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы боюнча коомдук комиссиянын КУРАМЫ
(КР Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Бийбосунов Болотбек Ильясович | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колдонмо информатика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, техника илимдеринин доктору, профессор, коомдук комиссиянын төрагасы; |
Камчыбеков Толобек Кадыралиевич | - | коомдук илимий ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор, коомдук комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Джоробекова Арзыгуль Мамаюнусовна | - | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, профессор, коомдук комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Малдыбаева Салиман Жанузаковна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын сыйлыктар боюнча секторунун башчысы - жооптуу катчы, коомдук комиссиянын жооптуу катчысы; |
Доолоткелдиева Тинатин | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия жана токой чарба факультетинин өсүмдүктү коргоо борборунун башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер; |
Карабаев Султан Осконович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физикалык жана коллоиддик химия кафедрасынын профессору, химия илимдеринин доктору, профессор; |
Карабекова Джамиля Усенгазиевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш институтунун омурткасыз жаныбарлардын экологиясы жана систематикасы лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор; |
Касмамытов Нурбек Кыдырмышевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунун директорунун орун басары, физика-математика илимдеринин доктору, профессор; |
Сооронбаев Талантбек Маратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор; |
Чортонбаев Тыргоот Джумадиевич | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биотехнология жана химия кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор; |
Абдырахманов Толобек Абылович | - | тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги; |
Асизбаев Рустам Эмилжанович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруучу, экономика илимдеринин доктору, профессор; |
Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович | - | Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор; |
Омуралиев Нурбек Ашимканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун Социалдык изилдөөлөр борборунун башчысы, социология илимдеринин доктору, профессор; |
Кожогулов Камчибек Чонмурунович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун директору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги; |
Миркин Евгений Леонидович | - | Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин компьютердик маалымат системалары жана башкаруу кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин доктору, профессор; |
Обозов Алайбек Джумабекович | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин энергиянын кайра жаралуучу булактары кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти; |
Сагымбаев Абдисамат Акимович | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин байланыш тармагы жана коммуникация системасы кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору, профессор; |
Садыров Октябрин Алымбекович | - | "Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти, техника илимдеринин кандидаты, профессор; |
Шейфель Надежда Алевтиновна | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин геология башкармалыгынын башкы адиси. |
| 2-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген калыптан жана диаметри 29 мм болгон асмадан турат.
Алтын менен капталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун формасындагы күмүштөн жасалган калып штамповка методу менен жасалат, 27 мм х 17 мм өлчөмүндөгү калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган.
Алтын менен капталган күмүштөн жасалган асма, борборунда атомдун рельефтик сүрөтү жайгашкан, анын айланасында илим жана техниканын ар түрдүү чөйрөлөрүнүн элементтери чагылдырылган.
Асманын арткы бетинде төмөнкүдөй жазуу бар:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ ЖАНА ТЕХНИКА ЖААТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙ АКЫСЫНЫН ЛАУРЕАТЫ"
жана белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч тибиндеги илгич бар.
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгиси алтын менен капталган күмүштөн жасалат.
Лауреаттын ардак белгисинин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массалары жана салмагы, алардын чектүү четтөөлөрү төмөндө берилген таблицада көрсөтүлгөн.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлери | Номиналдык өлчөмдөрү, мм | Чектүү четтөөлөрү, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Чектүү четтөөлөрү, г |
Негизи | Диаметри | 29,0 | ±0,3 | 925-пробадагы күмүш | 18,5 | ±1,0 |
Көзөнөгү менен бийиктиги | 33,0 | ±0,5 | ||||
Калыңдыгы | 3,0 | ±0,05 | ||||
Калып | Туурасы | 27,0 | ±0,5 | 925-пробадагы күмүш | 8,5 | ±0,5 |
Бийиктиги | 17,0 | ±0,3 | ||||
Негиздин жана калыптын каптоосу | Алтын капталган катмардын калыңдыгы, мкм | 5,0 | ±0,5 | 999-пробадагы алтын | 0,15 | ±0,05 |
Бириктирүүчү шакекче | Звенонун диаметри | 6,5 | ±0,5 | Латунь зымы | 0,15 | ±0,2 |
Зымдын диаметри | 1,1 | ±0,05 | ||||
Төөнөгүч тибиндеги бекиткич | болот | 0,3 | ±0,02 | |||
Калыптын декоративдик жасалгасы | эмаль, лак | 0,3 | ±0,02 | |||
Лауреаттын ардак белгисинин орточо салмагы | 28 | ±1,5 | ||||
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисинин ТЕХНИКАЛЫК ЭСКИЗИ
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисине күбөлүктүн СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысынын лауреатынын ардак белгисине күбөлүк кочкул кызыл-күрөң түстөгү булгаары менен капталган, чечилген фаскалары жана 145 х 105 миллиметр өлчөмүндөгү контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат.
2. Күбөлүктүн бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, анын алдында алтын түстөгү "КҮБӨЛҮК" деген жазуу жана улуттук оймо жайгаштырылат.