Загрузка документа…
МИН-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №5-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 19-декабры № 8-5-2
Мин-Куш айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Эргешовдун төрагалыгында 30.11.2022-жылы болгон “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча реформаларды жүргүзүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө” жыйындын №1 негизинде жана Нарын облусунда социалдык-экономикалык реформасы” пилоттук долбоорунун негизиндеги Нарын облусуна мамлекеттик муниципалдык ишканаларды түзүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап, Мин-Куш айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын 5-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Куш айыл аймагынын жайыт комитети өзүнчө Мин-Куш айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана болуп түзүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылып, тиешелүү документтерин өткөрүүнү даярдоо К.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жапаров |