Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №12/37
“Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдагы атайын каражат эсебине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын атайын каражат эсебине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагынын атайын каражат эсебине 2024-жылдын башында аппарат бөлүмүнө бекитилген социалдык жардам 2721 статьясынан 1800,0 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты кыскартылып, аппарат бөлүмүнүн 2215 ар түрдүү чыгым статьясына 1800,0 (бир миллион сегиз жүз миң) сом, жалпы 1800,0 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты которулсун;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |