Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №12/38
“Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бала-бакчаларын азык-түүлүк менен камсыз кылуу максатында атайын каражатына акча каражатын кошуу жөнүндө”
Азык-түүлүк бааларынын кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу атайын каражат эсебине акча каражатын кошуу жөнүндө айыл өкмөтүндөгү балдар бакчаларында 2024-жылдын 3-сентябрь күну өткөрүлгөн, ата-энелер чогулушунун протоколдору менен таанышып чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен бирге, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүно караштуу бала-бакчаларды тамак менен камсыз кылуу максатында атайын каражатына 1100,0(бир миллион бир жүз миң) сом акча каражаты кошулсун;
2. Бала-бакчадагы ар бир баланын бир айлык тамак -аш төлөмүнүн баасы орточо эсеп менен 1500 (бир миң беш жүз) сомдон белгиленсин;
3. Атайын каражат эсебиндеги акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Айры-Там айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин;
4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |