Загрузка документа…
МИН-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII-чакырылышынын Мин-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин № 5- кезексиз сессиясы
2022-жылдын 19-декабры № 8-5-3
Мин-Куш айыл аймагынын жайыт комитетин муниципалдык ишканага өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Эргешовдун төрагалыгында 30.11.2022-жылы болгон “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча реформаларды жүргүзүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө” жыйындын №1 негизинде жана Нарын облусунда социалдык-экономикалык реформасы” пилоттук долбоорунун негизиндеги Нарын облусуна мамлекеттик муниципалдык ишканаларды түзүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап, Мин-Куш айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын 5-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Куш айыл аймагынын жайыт комитети Мин-Куш айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишканага өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылып, тиешелүү документтерин өткөрүүнү даярдоо К.Жусуповго жана Н.Солобаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Алманбетовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жапаров |