Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын
2024-жылынын 04-сентябры №12/39
“Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын IV кварталында иштетилбеген акча каражатын иштетилүүчү статьяларга которуу жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын 2024-жылдын IV кварталында иштетилбеген акча каражатын иштетилүүчү статьяларга которуу жөнүндө, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын IV кварталындагы иштетилбеген акча каражаты, иштетилүүчү статьяларга которулсун;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзам чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы : | М.Кулуев |