Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-сентябры № 16
“Ак тилек” балдар бакчасынын тамак ашына бааларды бекитүү жөнүндө
“Ак тилек” балдар бакчасынын тамак ашына бааларды бекитүү боюнча Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматовдун сөзүн угуп,талкуулап Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. “Ак тилек” балдар бакчасынын тамак-ашына төмөнкү баалар бекитилсин:
- Жогорку топто бир балага -100 сом , анын ичинен жергиликтүү бюджеттен -30 сом, ата-энелерден - 70 сом;
- Кенже топто бир балага - 95 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 25 сом, ата-энелерден - 70 сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу милдети Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы | Н.О.Садыкова |