Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2022-жылдын 28-январы № 3/2

Сары-Колот айыл аймагына караштуу Бөрүлүк калктуу конушуна айыл макамын ыйгаруу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Сары-Колот айыл аймагына караштуу Бөрүлүк калктуу конушунун жашоочуларынын жыйынындагы кабыл алынган чеминин негизинде Сары-Колот айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Сары-Колот айыл аймагына караштуу Бөрүлүк калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн тиешелүү документтер даярдалып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э. Айтикеевге жүктөлсүн.

 

Сары-Колот айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Молдоев