Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-августундагы № 26
Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кодексинин 76-беренесин жетекчиликке алып, жеке жана юридикалык жактар - ишкердик үчүн арналган курулуштардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага бергендер бекитилген аянтты жана кызматкерлердин санын эске алуу менен жыйым төлөө үчүн ставканын эсебин бир деңгээлге келтирүү үчүн, угуп жана талкуулап Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын 100(жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бекитилген формага ылайык жыйымдардын суммаларын төлөө жана тиешелүү эсептөөлөрдү берүү, төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-апрелинен кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Таштанды чыгаруу үчүн "нөл" жыйымынын ставкасын бошотуу жана коюу:
- Нарзан айыл өкмөтү;
- Балдар бакчалары-"Огонек"," Светлячок"," Колокольчик"," Бакыт", “Ласточка”,"Жылдыз Нуру".
- Ак Суу айылынын №1, №4 ОББМ, А.Сыдыков атындагы ОМ, К.Сыйданов атындагы ОМ, Биринчи май ОМ, В.Степаненко атындагы №2 БОББМ, №3 Беловодск лицей-мектеби, БƟСМ.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевке жүктɵлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т.Урманбетов |