Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2-сессиясы
2024-жылдын 20-марты № 6
Сугат суусун пайдалануучулар ассоциациясын, ичүүчү сууну пайдалануучалардын коомдук айылдык бирикмесин, муниципалдык ишканасын, жайыт пайдалануучулар бирикмесин жоюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жаңы муниципалдык ишканасын түзүү жолу менен мурунку Александровка, Сретенка, Садовое айыл аймактарындагы сугат суусун пайдалануучулар ассоциациясын, ичүүчү сууну пайдалануучалардын коомдук айылдык бирикмесин, муниципалдык ишканасын, жайыт пайдалануучулар бирикмесин жоюуга макулдук берилсин.
2. Сугат суусун пайдалануучулар ассоциациясынын, ичүүчү сууну пайдалануучалардын коомдук айылдык бирикмесинин, муниципалдык ишканасынын, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчилери кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, материалдык жана материалдык эмес активдерин, каржы жана юридикалык документтерин жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканасынын жетекчисине жана жооптуу кызматкерине өткөрүп берсин.
3. Сугат суусун пайдалануучулар ассоциациясынын, ичүүчү сууну пайдалануучалардын коомдук айылдык бирикмесинин, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчилери иштерди өткөрүп бергенден кийин юридикалык жоюу иштерин өткөрсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |