Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 06-августундагы № 27
Айыл чарба жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө
Биринчи Май жана Беловодское айыл аймагынын бириккендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.А.Айдралиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи Май айыл аймагынын айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары 1га үчүн мурда бекитилген Беловодское айыл өкмөтүнүн базалык ставкаларына теңөө үчүн:
- Сугат айдоо – 392 (Үч жүз токсон эки)сомдон – 442 (Төрт жүз кырк эки)сомго;
- Кайрак айдоо аянты 67,2 (Алтымыш жети)сом 20 тыйындан -117 (Жүз он жети) сомго;
- Көп жылдык көчөттөр үчүн 215 (Эки жүз он беш) сомдон – 265 (Эки жуз алтымыш беш)сомго;
- Чөп чабык үчүн – 79 (Жетимиш тогуз) сом;
- Жайыттар үчүн - 57,8 (Элүү жети сом) сом 80 тыйын.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевке жүктɵлсүн.
Төраганын орун басары |
| А.Т.Урманбетов |