САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 3/6
Айыл аймагындагы айылдардагы бош көчөлөргө наам ыйгаруу жөнүндө
Сары-Колот айылдык кеңешининин депутаттары айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын аймакта ысым ыйгарылбаган көчөлөр көп экендиги компьютердик кылымдын талабына жооп бербестиги, алдыда эл жана турак жай фондун каттоо кампаниясы келаткандыгы, каттоонун сапаттуу жүрүшү да ушул көрүнүштөргө байланыштуу экендиги жана аларга замандын талабына жараша ысым жана үйлөргө катар номерлерин ыйгаруу зарыл экендиги жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аймактагы айылдарда ысым берилбеген, бош көчөлөрдү инвентаризациядан өткөрүү, бош көчөлөргө наам ыйгаруу боюнча элдик жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу, жыйындарды протоколдоштуруу, айылдык кеңештин кароосуна коюу, көчөлөрдү “Кадастр” ишканасынан каттоого киргизүү иштери айыл башчыларга милдеттендирилсин.
2. Бош көчөлөргө наам ыйгарууда эл арасындагы Улуу Ата мекендик жана афган согушунун ардагерлеринин жана эмгек баатырларынын жана башка эмгеги сиңген адамдардын ысымдарын ыйгарууга басым жасалсын.
3. Элдик жыйындарды өткөрүүнү уюштурууда жарандык активисттер, жаштар жана согуштун жана эмгектин баатырларынын, таанымал адамдардын үй бүлөлөрү тартылсын.
3. Ушул токтомдук көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |