МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-сессиясы
2024-жылдын 20-марты №7
Александровка, Сретенка, Садовое айыл аймактарынын бюджетин бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” № 370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын айылдык өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомунун негизинде
Айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Александровка, Сретенка, Садовое айыл өкмөттөрүнүн бюджети эсептеленип Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бир бюджетине бириктирилсин.
2. 2024-жылга бюджеттин аткарылышы бекитилген сметага ылайык камсыздалсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Саркулов Б.К. |