КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-августу № 446
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Бул токтом накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына жайылтылбайт деп белгиленсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |