Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2022-жылдын 1-апрели № 4/3
Айылдык кенештин муктаждыктары үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Депутаттар айылдык кеңештин иштерин максатка ылайык сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү, иш сапарлары, транспорттук, кеңсе буюмдары жана башка чыгымдар үчүн өндүрүштүк максаттарга акча каражаттарын ажыратуу зарыл экендиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык кеңештин өндүрүштүк максаттарына пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджеттен 50 000 (Элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБмүнө бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында карап берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Молдоев |